Ванга менен Нострадамустун 2025-жылга карата божомолдору

2025-жыл дүйнө үчүн чоң бурулуштардын жылы болору болжолдонууда. Көптөгөн божомолдордун арасында атактуу болгар көзү ачыгы Ванганын айткандары өзгөчө көңүл бурдурат. Анын айткандары азыркыга чейин талаш-тартыштарды жаратып, маанилүү өзгөрүүлөрдү алдын ала болжогону таңгалдырууда.
1. Технологиялык секирик жана глобалдык кесепеттердин коркунучу
Ванга 2025-жылы дүйнө чоң технологиялык ачылыштардын босогосунда турарын айткан. Мүмкүн бул жасалма интеллект же биотехнологиядагы жаңы жетишкендиктерге тийешелүү. Бирок ал эскерткендей, "адам акылынын көрөңгөсү өз аң-сезимине ээ болушу мүмкүн", бул технологиялардын үстөмдүгүнүн коркунучу катары каралууда.
2. Экологиялык апааттар, климаттын өзгөрүшү
Ванганын негизги эскертүүлөрүнүн бири табигый кырсыктар болгон. 2025-жылга карата ал сел каптоолордун жана жер титирөөлөрдүн күчөшүн айткан. Айрыкча муздардын эришине жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу болуп, жээк аймактардын жоголуу коркунучун белгилеген.
3. Глобалдык конфликттин коркунучу
Ванганын эң талкууланган божомолдорунун бири үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышынын мүмкүнчүлүгү. Ал өлкөлөр арасындагы олуттуу чыңалууну эскертип, тынчтыкты издөө керектигин айткан. Анын айткандарында "күйгөн асман" жана "улуу элдердин бөлүнүшү" деген сөздөр кездешет. Бул көптөгөн тарыхчылар менен изилдөөчүлөрдү ар кандай жоромолдорго жетелейт.
4. Руханий ойгонуу жана чындыкты издөө
Коркунучтуу эскертүүлөргө карабастан, Ванга адамзат кризисти жеңип, жаңы аң-сезим деңгээлине жете аларына ишенген. Анын айтымында, 2025-жыл адамдар руханий жоопторду издеп, баалуулуктарды кайра карап чыгып, айлана-чөйрө менен байланыштарын бекемдей турган убакыт болот. Ал мындай руханий жаңылануу кыйынчылыктар аркылуу гана мүмкүн экенин айткан.
Ванганын бул божомолдору азыркы мезгилде да дүйнө коомчулугун ойлонууга түрткү берүүдө.
Нострадамус эмне дейт?..
Нострадамус белгилүү француз астрологу 2025-жылга карата коркунучтуу окуяларды алдын ала айткан деп эсептелет. 500 жылдай мурун ал "Пророчества" деген китебин чыгарып, ал өзү көргөн келечегин жашыруун, сырдуу түрдө жазган. Бул китептеги маалыматтар бир нече тилдердин аралашмасы менен жазылган жана мифологиялык, астрологиялык символдорго бай. Нострадамус бул сырдуу жазуу стилин инквизиция тарабынан куугунтукка алынбоо максатында тандаганы байкалат. Бирок, ал кайра эле коопсуздуктан улам качууга мажбур болгон.
Анын 2025-жылга карата болжолдору тууралуу ар кандай интерпретациялар бар. Көптөгөн окумуштуулар жана окурмандар Нострадамустун тексттеринде дүйнөлүк катастрофалар, геосаясый кагылышуулар жана климаттык өзгөрүүлөр сыяктуу окуяларга ишаараттар бар деп эсептешет. Бирок, бул алдын ала айткандар абдан жалпылаштырылып, ар түрдүү чечмелениши мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити