Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШ империясы урады...

АКШ империясы урады...

17-сентябрь, 13:06
1 211 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул жылдын 20-августунда «The Economist» журналында “Байдендин дүрбөлөңгө түшүп качышы” деген рубриканын алдында британдык тарыхчы, жазуучу жана журналист Нил Фергюсондун макаласы жарыяланды. Темасы: “Эмнеге америкалык империянын соңу тынч болбой турганы тууралуу”. Анда автор эки империянын батышын салыштырган, негизинен ХХ кылымдын 50-жылдары ураган британиялык империяга басым жасап, анын мисалында Американын дүйнөгө үстөмдүгүнүн төмөндөшүн изилдеген жана кылдат талдаган.

Британия өзүнүн кубаттуулугунун туу чокусуна өткөн кылымдын 20-жылдары чыккан экен, бирок кийин талкаланды. Советтик система же социалисттик блок 1985-жылы гүлдөп-өнүккөн, бирок аны дагы ошондой эле тагдыр күтүп алды. Бүгүн Америка кубаттуулуктун кыл чокусунда турат, так ушул нерсе анын жок болушуна жол ачышы мүмкүн. 

Фергюсон акыркы убакта америкалык империянын кыйрашын божомолдогон көптөгөн китептер жана макалалар жазыла баштаганына көңүл бурган. Бул планда ал алдыңкы интеллектуалдардын компаниясына, башкача айтканда, Американын либералдары жана патриотторуна караганда бир топ алдыга кетти. 

Ал эгер британиялык империя акырындык менен дегредацияга учурап, үстөмдүк кылмай ролун жоготкон болсо, америкалык империянын күчү жана таасири тынч жол менен аяктабайт, кан төгүлүшү мүмкүн (!) деп жарыялаган. Алтургай бул бир гана жергиликтүү согушту эмес, бир топ кагылышууларды жаратышы ыктымал. Автор АКШ доминатынын кыйрашы бир топ конфликттүү болорун божомолдойт. 

Салттуу америкалык баалуулуктар жана америкалык кыял тууралуу жакшы элестер биз суктанган Америкага айланган, бирок бул барган сайын дүйнөлүк түзүлүштүн мээсинен кетип жатат. Бул тренд америкалык президенттердин билдирүүлөрүндө айтылат. 

Нил Фергюсон “учурда америкалык аскер бөлүмдөрү дүйнөнүн 150 өлкөсүндө жайгашкан” деген баарыбызга белгилүү фактыны жарыялаган. Ошол эле убакта америкалык таанымал саясат талдоочу жана аналитик Фарид Зикария АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүнүн төмөндөшү жана америкалык лидерликтин кыйрашынын башкы стадиясын көрсөткөн бир катар макалаларды жарыялады. Бириккен Штаттар анын эсеби боюнча, 1945-жылдан бери көз карандысыз өлкөлөрдүн чек арасын эң көп бузган өлкө болуп эсептелинет. 

Советтер Союзу бул жаатта Америкадан бир нече эсеге артта калат. Эртеби-кечпи бул глобалдуу америкалык кийлигишүүнү элчиликтеги инструкторлор жана ар кандай активдүү ишмерлер, фонддордун деңгээлинде болсо да кыскартууга туура келет. Бул эмнеге алып келерин Афганистандан дүрбөлөңгө түшүп, качып чыгышканында байкадык. 

Америкалык күч кеткенден кийинки бийликтин вакууму башаламандыкты жаратат, мамлекеттер аралык экономикалык, маданий маселелерди чечүүдө олуттуу көйгөйлөр пайда болот. Барак Обама өз убагында мындан ары Америка дүйнөлүк полиция боло албай турганын, баардык өлкөлөрдүн жалпы башкаруу органы, жалпы система жана баалуулуктар тууралуу ойлонуу керектигин айтып баштаган. 

Трамп болсо “Америкага мурдагы улуулугун кайтарабыз” идеясы менен келген, а Байден “биз кетебиз, америкалыктардын өмүрүн тобокелге салбайбыз” деп койду. 

Маалымдама: Нил Кэмпбелл Дуглас Фергюсон – британиялык тарыхчы, жазуучу жана журналист, Гарвард университетинде тарых профессору жана Оксфорд, Гуверовский, Стэнфорд университеттеринин ага илимий кызматкери.

Фарид Рафик Закария – Американын таасирдүү жана таанымал саясый аналиктиктеринин бири, эл аралык мамилелер жаатында эксперт, Newsweek International басылмасынын редактору. 


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер