Тойканаларды бала бакчаларга, жетишсиз соцобъектилерге айландыруу мүмкүнбү?

-- Байлардын мүлктөрү мамлекетке өтүп аткан чакта, ар ким тойлорду үйлөрүндө өткөрүп, ресторандарды бала бакчаларга, жетишсиз соцобъектилерге айландыруу мүмкүнбү? Камчыбек Ташиев бул демилгени колго алса, ишке ашабы?
Клара Ажыбекова, коомдук ишмер:
-- Мен аны азырынча эртерээк деп ойлойм. Себеби, элдин баарын өзүнө каршы кылып алса, анда такыр иштетпей коюшат. Бул биринчиси, ал эми экинчиси, ошол эле тойкана, ресторандар бала бакчага ылайыкташкан эмес. Бир сөз менен айтканда, садиктерге жарабайт. Балдар эшикке чыгып ойной турган жери болуш керек. А биз билгенден ресторандарда андай жер жок. Анын ээлери болор-болбос жерге мурдуларын тыгып ресторан салып коюшкан. Бир убакыт келгенде тойкана ээлери мамлекетке өздөрү өткөрө башташат. Андан көрө мурунку завод, фабрика, бала бакчаларды кайра алса. Совет доорунда тургузулган мүлктөрдү терең изилдеп туруп, кайрадан мамлекеттин менчигине өткөзсө сонун болот эле. Буга Камчыбек Ташиевдин алы, күчү, духу да жетет.
Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Эгемендик алган алгачкы жылдары эмне деген завод, фабрикаларды, бала бакчаларды, автобазаларды шылуундук жол менен арзыбаган акчаны мамлекетке төлөп менчиктештиришкен. Ичиндеги ченебеген станокторду, техникалык каражаттарды, темир-тезектерин Кытайга сатып байышкан. Мен билгенден Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаадагы жана Кочкордогу автобазаларды жана ордо калаадагы бала бакчаларды жогорудагыдай жол менен алса керек эле... Бу жерде бир маселе жатат, алар ошондой жерлерди алып жатканда мамлекетке милдеттенме беришкен, өз көзүм менен долбоорлорун көргөн жайым бар. Мисалы, “мен бул жерге мамлекеттин пайдасына мындай кылам, тиги жерге тигини салам, миңдеген жумуш орун камсыздайм” ж.б. дешкен. Алар чындап эле ошол милдеттенмени аткарыштыбы? Аткарышпаса керек. Бирөө ресторан, бирөө базар салды ж.б. Ошол эле Кубатбек Байболовдун Орто-Сайдагы базарын алып коюшту. Ал киши унчукпай калды. Демек, мыйзамсыз болсо керек... Эми мындайлар толтура. Эгер Камчыбек Ташиев ушундайларды иликтеп, баардык мыйзамсыз алынган мамлекеттик жерлерди кайра кайтара турган болсо, анда өтө туура иш кылат эле.
Рита Карасартова, укук коргоочу:
-- Негизи эле байлардын мүлкүнүн мамлекетке өтүүсү мыйзамсыз. Бул Совет доорундагы көрүнүш. “Баарыбыз теңдикте жашайбыз, коомдо байлар болбош керек” деген. Учурда мындай түшүнүккө байланбаган оң. Эгер рестораны бар, ишин мамлекеттин баардык мыйзам чегинде алпарып атса, анын байлыгын биз эмнеге тартып алышыбыз керек? Буга соттун чечими жана мыйзам гана жол берүүсү абзел. Ааламдашуу заманында коом алдыны көздөй умтулуп, өнүгүү, өсүү жолуна багыт алып, жеке ишкерлер мамлекет тарабынан колдоого алынышы кажет дегенди эсибизден чыгарбайлы. Биз ушул жагдайда гана иш-аракеттерди кылсак сонун болмок. Эгемендик алган жылдан тарта, ар бир революциядан кийин дейбизби, же төңкөрүштөн кийин дейбизби, бийликке келгендер мурунку бийликтин адамдарына тийешелүү жеке менчиктерин тартып алуу максатта күмөндүү иштерге барып атышты. Андай мисалдар толтура болду...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити