Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Эсенгул, саясат таануучу: “Биз Түркия, Азербайжан менен жакындап кетсек, Россия, Кытайга жакпай калабыз...”

Чынара Эсенгул, саясат таануучу: “Биз Түркия, Азербайжан менен жакындап кетсек, Россия, Кытайга жакпай калабыз...”

16-август, 00:32
745 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, жакында эле Америка, Армения жана Азербайжан президенттеринин жолугушуусу болуп, коомчулуктун көңүлүн бурду. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы Россияга жана Кыргызстанга кандай таасирин берет деп ойлойсуз?

-- Бул келишимдин Кыргызстанга же Россияга түзмө-түз таасири жок. Бирок, кыйытма мааниде кандай таасир этет десек, Кыргызстан көбүрөөк Түркия жана Азербайжан менен тышкы саясатында пантүркизмге ыктаса, анда таасири болот. Жакшы, позитивдүү жагдайга оойт. Азыр биз көрүп атабыз, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы маданият жана тил багытында күч алууда. Бирок, акырындан Түркия, Азербайжан, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан коопсуздук маселесине басым жасалып, жакындай турган болсо, албетте, бул биздин Россия, Кытай мамилелерине терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. 

2020-жылдардан тарта Россия башынан эле Азербайжан Нахичеван автономдуу облусунун байланышы транспорт жана экономикалык келишимде медиатор, фаслитатор болуп каршы эмес болчу. “Баардыгы калыбына келиш керек” деген пункту бар эле. Бирок, бул ички Кавказга гана тийешелүү маселе болуп аткан. Анан азыркы болгон жагдай Россияны чектеп коюп атат. Анан Америка менен Израиль мамлекети Зангезур коридоруна мүмкүнчүлүк алууда. Бул Иранга, Кытайга, Россияга терс кабар десек болот. Зангезур коридору узундугу 40 километр болгону менен геостратегия жана геоэкономика жагынан абдан манилүү жай. Карап туруш керек, бизден да көп нерсе көз каранды (Кыргызстандын бийлигинен). Эгер жогоруда айткандай, тышкы саясатта Түркия, Азербайжан менен жакындап кетсек, Россия, Кытай жактырбаган мааниде белгилесе керек...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер