Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков курч позициясы, ачуу тили үчүн азап чегип келет

Равшан Жээнбеков курч позициясы, ачуу тили үчүн азап чегип келет

04-сентябрь, 19:56
1 434 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Демократ саясатчы Равшан Жээнбеков үй камагынын шартын бузганы үчүн кайрадан №1 СИЗОго киргизилген. Аны башында Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча мыйзамсыз камаганы жалганбы? Чындык акыры чыгат. Кой-Таш коогалаңын баштагандар Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев сыяктуу чиновниктер эмеспи? Ийне-жибине дейре анализдеп, эски бийликтин командасын жоопкерчиликке тартуу зарыл. Алар бүгүн болбосо, эртең жазаларын алышары айныгыс кеп. Ал эми Равшан Жээнбеков Кой-Ташта күч органдары менен элдин ортосуна түшүп, арачылык милдетин аткарып жүргөнүн интернет сайттардагы видеолордон көргөнбүз. Сокенин бийлиги ага карата күчкө салуу менен айыптарды илген, бирок далилдей албай коюп, ушул күнгө чейин сот процесстери созулуп кетти. Аныгында, Кой-Таш окуясына катышкан саясатчы, активисттер жазаланып, андагы бийликте отургандар, провокация уюштурган орган жетекчилери суудан кургак чыгышса, мунун өзү калыстыкка жатпай калат. Карт тарых баары бир Сооронбай Жээнбеков башында турган бийлик күнөөлүү экенин далилдейт! Ток этерине келсек, Равшан Жээнбеков курч позициясы, ачуу тили үчүн көп жылдан бери азап чегип келет... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер