Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдывахап Нурбаев: «Пиар болобу, же болбойбу – биздин ишибиз мыйзам жазуу»

Абдывахап Нурбаев: «Пиар болобу, же болбойбу – биздин ишибиз мыйзам жазуу»

11-сентябрь, 20:43
1 435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жалпы билим берүү мектептерде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимдерге ири суммадагы каражат берүүнү демилгелеп жатасыздар. Эмнеге 20-30 жыл иштегендерге берилбеши керек?

-- Быйыл жогорку окуу жайлардагы педагогика багытындагы факультеттерге тапшырган балдардын республикалык тесттен алган баллдары 130-140ты түзөт экен. Демек, 180-200 балл алган күчтүү жаштар бул кесиптерге окугусу келбейт. Мыйзамдын негизги максаты – жаштарга стимул берип, педагогикалык кесиптин статусун көтөрүү болуп эсептелет. Аларда «окуучуларга билим берип, 10 жылдан кийин үй алам» деген үмүт пайда болот. Сумманын көлөмү 1 миллион сом деп белгиленген. 1 миллион сомго аймактарда үй алганга болот. Долбоордун экинчи көздөгөнү – республикалык жана эл аралык олимпиадаларда 1-2-3-орундарды ээлеген окуучулардын мугалимдерине 3 айлык акыларын сый акы катары берүү болуп эсептелет. Анткени мугалимдер балдарды олимпиадага алып баруу үчүн окуучуну даярдашат, бул сабактан тышкары аткарылат. Ошондуктан алардын эмгеги текке кетпеши керек. Мисалы, 23-24 жашында окууну бүткөн балада «10 жыл иштеп, үй ала алам» деген эртеңки күнгө ишеничи пайда болот.   Себеби, азыр миграцияга кеткендердин көбүнүн максаты үй алуу. Ипотека дегени менен алар алдын ала 20-30 пайызды төлөй алышпайт. Аймактардагы мугалимдердин эң башкы көйгөйү үй болуп жатат. Алар «биз бул айлык менен үй ала албайбыз» дешүүдө.

-- Болжолу менен канча сумма талап кылынышы мүмкүн?

-- Азырынча суммасы так маалым эмес. Билим берүү министрлигине запрос жөнөттүк. Толук эсептей элекпиз. 

-- Бюджетте каражат жок да, же долбоордо акча табуу жолдору көрсөтүлгөнбү?

-- 2022-жылдан баштап депутаттардын саны 120дан 90 чейин азаят. Мында акча каражаты үнөмдөлөт. Президенттин «өкмөт, жергиликтүү орган, башкаруу органдары, президенттик аппарат 30 пайызга кыскарат» деген буйругу чыккан. Мына ушул жактан үнөмдөлгөн каражат билим берүүгө, мугалимдерге жумшаганга кеңири жетет. 

-- Бул демилге шайлоо алдындагы пиар же упай топтоо эмеспи? 

-- Пиар болобу, же болбойбу – биздин ишибиз мыйзам жазуу. Ошол жумушубузду аткарып жатабыз. Калганы өкмөт менен кызматташуу аркылуу чечилет. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер