Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда 6 жаштагы 1 баладан, 14 жаштагы 1 өспүрүмдөн коронавирус аныкталды
Кыргызстанда 6 жаштагы 1 баладан, 14 жаштагы 1 өспүрүмдөн коронавирус аныкталды
24-март, 13:28
1 864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн республикалык штабда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.
2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 42ге жетти.
Коронавируска шектелип ооруканага жаткырылгандардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар, алардын ичинен бирөөсүндө коронавирус инфекциясы аныкталды;
6 жаштагы 1 балада – коронавирус инфекциясы аныкталды;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө – коронавирус инфекциясы аныкталды;
Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.