Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “БАЭ – биздин жаштар үчүн келечекке карай чоң горизонтту ачат”

Каныбек Осмоналиев: “БАЭ – биздин жаштар үчүн келечекке карай чоң горизонтту ачат”

06-ноябрь, 21:38
271 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев президент Садыр Жапаровдун тышкы саясаттагы соңку кадамына учкай токтолду.

-- Президенттин Абу-Дабиге сапары кызматташтыгыбыздын өнүгүүсүнө үмүт отун жандыргандай болду. Сиз үчүн кандай мааниге ээ?

-- Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмиратына жасаган расмий иш сапарынын өзгөчө саясый жана экономикалык мааниси бар. Анткени, аталган өлкө азыркы күндө өтө тез өнүгүп, дүйнөлүк рангда өз ордун татыктуу таба билген державага айланып отурат. БАЭнын дүйнөлүк рыноктогу үлүшү абдан тез өсүп бара жатат. Ошондуктан биздин жетекчиликтин тышкы иштер саясатынын бул Араб мамлекети менен болгон карым-катнаштык аракеттери колдоого татырлык. Айткандай эле, дароо биргелешкен холдинг компаниясын түзүү документтерине кол коюлуусу чоң жетишкендик болду. Ага ылайык аталган ишкананын уставдык фонду 100 миллион долларды түзөт экен. Келечекте бул фондду 1 миллиард 200 миллион долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү белгиленди. Мунун артында канча капиталдык пайдалар бар жана канчалаган жумушчу орундар түзүлөт! Анүстүнө Эмират тарап бизнес-компетенцияны камсыз кылуу милдетин алыптыр. Демек, алардын бизнес ресурстары кеңири колдонулат. Бул болсо биздин жаштар үчүн келечекке карай чоң горизонтту ачат. Мындан сырткары, транспорттук-логистикалык хабтар, IT-инновациялар, энергетикалык жана азык-түлүктөр жаатындагы биргелешкен долбоорлор алгылыктуу десек болот. Айрыкча жаңы шаарларды куруу жана эс алууга арналган рекреациялык аймактарды түзүү пландары дагы көрүнөрлүк иштерден болгудай...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер