Күйөөсү бар аялдарды жек көрөм, себеби…
Кээде «мен такыр турмушка чыкпайм», «күйөөгө тийгим келбейт» деген кыздарды көрүп таңгалам. Жалгыз адамдын жашоосу өтө көрксүз экенин түшүнүшкөндө минтип айтышпайт эле.
Жашым 36да. Ысымым Бактыгүл болгону менен өзүм бактысызмын. «Турмуш – миң бир түстүү болот» деп айткан улуу муундагылардын сөзү жалган болуп чыкты. Көрсө, турмуштун эки гана түсү болот экен: ак жана кара.
Ушул жашка келгени бир да жолу турмушка чыгып, бакытка балкый элекмин. Албетте, сөз айтып, колумду сурагандар болбой койгон жок. Бирок эмнегедир бирөө да жакпай жатты. Ошентип жашым 28ге жетип, күйөөдөн куру калдым. Айылга соңку жолу качан барганым такыр эсимде жок. Коколой башым менен жалгыз баргандан уялам. Билесиздерби, күйөөсү бар аялдарды жек көрөм. Алар менин бактымды, ырыскымды уурдап кеткендей сезем. Аттиң, качан турмушка чыгып, эне статусуна ээлик кылып, бактылуу болор экем?..
Кыздар, сиңдилерим, эч качан “турмушка чыкпайм” деп айтпагыла! Жалгыздык өтө жаман нерсе. Кийин баары кеч болгондо өкүнүп каласыңар…
Бактыгүл, Базар-Коргон шаары
"Азия Ньюс" гезити