Акыркы кабарлар
14:12
» Саясат » Текебаевди тепкилеген, “Яндексти” өрттөгөнү калган Кайрат Чокеев камактан чыгып кетти
Текебаевди тепкилеген, “Яндексти” өрттөгөнү калган Кайрат Чокеев камактан чыгып кетти
16-апрель, 21:00

Чак түштө өкүмзордукка барган, өтүгүн төргө илген “каарманыбыз” боюнча кеп салалы. Токмок шаарында өзүн авторитет сезген Кайрат Чокеев “Яндекс таксинин” офисин өрттөп жиберүү боюнча коркутканы, ишкерге кысым жасаганы боюнча камакка алынган. Бирок көп узабай эркиндикке чыгып кетти. Муну кандайча түшүнсө болот? Байлар, бийлик менен кызматташкандар кылмыш кылышса да “жашыл жарык” күйө береби? Эмне үчүн жогорку жетекчилик мындай ээнбаш зөөкүрлөрдү эркелетип атат? “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей, бул эргул “билген намазын окуй баштаса” кантесиңер? Эске салсак, Өмүрбек Текебаевди топ балдар менен келип тепкилеп, оозу-мурдун жарып кеткен ушул Кайрат Чокеев болчу да! “Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” эргул эми даана шерденип, чектен чыгып кетсе кантесиңер? Эрксизден баш чайкайсың. Уят да, чүйлүктөр ансыз деле баштарын жерге салып калышты... "Азия Ньюс" гезити











