Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кредитти төлөй албай калганда күйөөм үч талак берди

Кредитти төлөй албай калганда күйөөм үч талак берди

02-октябрь, 13:46
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен күйөөм менен Кыргызстандан Москвага келдик. Менин атымдан кредит алып келгенбиз. Келип карантин болуп, карыз болуп кеттик. Акыры батирдин акчасын төлөй албай калып, күйөөм мени атаңдын квартирасына барып жашап тур деп таштап кетти. Атам, бир туугандарым да Москвада турушат эле. Бир күнү атам "кыйналбай күйөө баланы чакыр, биз менен жашай бергиле, бутуңарга туруп алгыча жардам кылам" деп айтты. Күйөөм келип, жашап жүрдүк. Иши жүрүшпөй көп жүрдү. Бир тууган иним "кредитин төгүп алсын, кыйналды" деп, ишин берип өзү Кыргызстанга кетти. Күйөөм иштеп, иши жакшы болуп, айлык алып баштады. Жакшы болду деп, мен сүйүндүм. Бирок мага мамилеси таптакыр өзгөрдү, айып издеп, уруш көп боло берди! Атам мени урушат. Эзилип кеттим! Бир күнү атамдын квартирасы сатылмак болуп, кокусунан башка квартирага чыктык. Күйөөм мага “өзүнчө жашайлы” деп айтты. “Кантип ушундай болсун?” деп, уккан кулагыма ишенбей дендароо болуп турдум. Ошентип, эки анжы болуп, жашап жаттык. Менин ишим жүрүшпөй, иш издеп сарсаана болуп кыйналдым. Ал үйгө келбей калып жүрдү. Бир күнү ватсапптан "үч талак" деп смс жазып, жообун берип койду. Мага иштин көзүн таппаган мындай аялдын эмне кереги бар? “Кредитин өзүң төк” деп жүзүн буруп кетти. Аялды эмне үчүн алат? Өзү өмүр бою жакшы-жаманда бирге болуп,   бири-бирине жөлөк болуш үчүнбү? Же иштетип, карыздарын төлөтүп, кыйнаш үчүнбү? Макул, Кудайга салдым. Эркекке ишенбеш керек экен...


Нуркыз

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер