Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыздын ак калпагы ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

Кыргыздын ак калпагы ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

13-декабрь, 09:39
1 242 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди.

12-декабрда, Колумбиянын Богота шаарында ЮНЕСКО уюмунун комитетинин мамлекеттер аралык бейзаттык маданий мурастарды сактоо сессиясы өттү. Анын алкагында "Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты" номинациясы маданий мурастар тизмесине өткөн.

ЮНЕСКО — билим берүү, илим жана маданият жаатында иш алып барган БУУнун адистешкен мекемеси. 1992-жылы негизделген. 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ак калпак күнү жыл сайын 5-мартта белгиленип, ошол күнү көпчүлүк мырзалар ак калпак кийип чыгышат. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер