Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өкмөт бюджетти толтурганга чамасы жетпей туңгуюкка кептелди”

“Өкмөт бюджетти толтурганга чамасы жетпей туңгуюкка кептелди”

18-ноябрь, 10:22
851 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир апта сайын ундун баасы көтөрүлүүдө. Суунун баасы кымбаттады. Өткөн аптада Абылгазиев дагы бир жыландын башын кылтыйтты. Электр энергиянын тарифи тууралуу кеп козгоду. Электр энергиясынын тариф саясаты каралып жатканын, аз камсыз болгондорго бир тариф, башкаларга башка тариф болорун кыйытты. Мындай кадамы менен коомчулуктун кыжырын кайнатып, өкмөт элдин канын сорууга гана жарап, өздөрүнүн таптакыр туңгуюкка кептелгенин даана көрсөтүүдө. Биз бул боюнча айрым эксперттерге суроо узаттык.

 Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илимдеринин доктору:

-- Ар бир баанын көтөрүлүшү экономиканын начарлашын, инфляциянын күчөшүн, элдин жашоо деңгээлинин төмөндөшүн даана сүрөттөйт. Суунун, ундун кымбатташы жаман көрүнүш. Жашоо тиричилиги начар, үй-бүлө мүчөлөрү көп, жумушу жок калкка, пенсионерлерге өтө оор тийе турган көрүнүш. Муну керек болсо премьер-министрге каршы саботаж (!) деп түшүнүш керек. Ошолорго каршы иш кылып жаткан адамдар бар да, туурабы? Бааны ар бир келесоо көтөрө алат. Мындай нерсе оңой эле колдон келет. Ал эми баанын өздүк наркын төмөндөтүш ар кимдин колунан келе бербейт. Ал үчүн менеджер болуу шарт. Мамлекеттик деңгээлде көптөгөн иштерди алып барыш керек.  

Муну жөнгө салуунун өз механизмдери бар. Парламент жөнгө салышы керек, а анын буга билими жетпейт. Ал гана эмес парламенттин ичинде отурган айрым депутаттар атайын бааны көтөрүп жатышат. Бизде баары рыноктук экономикага негизделген. Рыноктук экономиканын шартында бааны парламент, парламентте отурган комитеттер гана жөнгө сала алат. 

Нарынбек МОЛДОБАЕВ, экс-депутат:

-- Адамга биринчи эле жашоо зарыл. Жашоо үчүн нан керек. Ундун кымбаттаганы, нандын баасы көтөрүлгөнү. Ошол эле Өзбекстанда ун 35%га кымбаттап кетти. Быйыл эгин Казакстанда аз болуп калды. Биздин өкмөт жакшы иштесе, өзүбүздүн унубуз өзүбүзгө жетмек. Советтер союзунда 1 млн. 200 тонна ун өзүбүздөн чыгып, кайра өзүбүзгө кенен жетчү. Азыр болсо эгин айдаган аянт болгону 600 миң гектар болуп жатат. Бул – өкмөтүбүздүн, айыл чарбанын, жергиликтүү бийликтин начар иштеши. Айрыкча нан жагынан эч качан башка өлкөгө көз каранды болбошубуз керек. Ошол жагынан өкмөтүбүз жакшы иштесе болмок да. 

“Свет боюнча тарифти карап көрүш керек” деп жатышат. Электр мурдагыдан абдан эле кымбаттады. Тарифти жылына 10%дан кымбаттатып отурса, биз жанагы кризистен чыгып кетмекпиз. Биздин сырткы карыздын көбү энергетикага жумшалган. Ошолордун баарынан кутулмак болчу. Азыр 100% кымбаттатып жатса, эл үчүн оор эле болот. Өзүңөр көрдүңөр, канча бир миллиард сомду азыр “электр станцияларына кабель алганга жумшайт элек” деп жатышат. Бул бюджетке абдан эле оор болуп калат. Элге деле кыйын болот. Ошол элдин нааразычылыгын жаратпаш үчүн ойлонуп иш кылышса, туңгуюктан чыгып кетет элек. 

Аркарбек МАМЫТОВ, жарандык активист:

-- Өкмөттүн бюджетти толтурганга чамасы жетпей калды. Ундун кымбаттаганын Казакстандагы кургакчылык менен байланыштырып жатышат. Бул биздин өкмөттүн тамак-аш коопсуздугун алдын албаганынын кесепети. Кыргызстанда буудай өндүрүлбөй, ун чыгарылбай калды. Аны убагында Жогорку Кеңеште ун менен иштеген депутаттар атайын мыйзамды өздөрүнө ылайыкташтырып, Кыргызтанда өстүрө турган буудай өндүрүүчүлөргө бут тосушкан. Ошонун кесепетин эми тартып жатабыз. Эгерде Казакстан бизге ун сатпай койсо, ачка калышыбыз мүмкүн. Бизде ун сатып ала турган булак жок. Электр кымбаттап жатат. Жаңы жылдан тарта 160 товарлар кымбаттаса, өкмөттү чоң кризиске алып келет. Өкмөт кризистен кантип чыгат? Туңгуюк. Эл кымбатчылыкты көтөрө албайт. 

Азыркы 1300-1400 болуп жаткан ундар 2000ден ашат. Бул деген 70%, 80%га кымбаттады (!) дегенди түшүндүрөт. Андан тышкары эл 2 сом 16 тыйынды араң төлөп жатканда, өкмөттүн жыйынында “светти бул боюнча койбой, кымбаттатыш керек” деп жатат. Көмүр болсо Бишкекте 4-5 миң сомго чыкты. Ал эми региондордо 9 миң сомго чейин жетти. Свет да, көмүр да кымбат болсо, эл кыштан кантип чыгат? Билбейм. Мисалы, пенсионерлердин пенсиясы орточо 3-5 миң сом. Ал бир тонна көмүрдүн акчасына да жетпейт. Айтор, азыркы өкмөт чоң кризиске кептелди. “Бул туңгуюктан кредит алып, анан чыгыш керек” дешүүдө. Кредит алсак, кайра төлөш керек да. Ансыз да 5 млрд. карызыбыз мойнубузда турат. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер