Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үйүндө эч ким калган жок. Жети кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы...

Үйүндө эч ким калган жок. Жети кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы...

21-декабрь, 12:14
1 422 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

19-декабрдан 20-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы унаа кырсыгынан 7 адам каза болду. Алар Ысык-Ата районунун Нурмамбет айылынын тургундары болгон. Каза болгон 7 киши теӊ бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Бул тууралуу “Турмуш кж” басылмасы жазды.

«Биздин Нурманбет айылында абдан кейиштүү чоӊ жоготуу болду. Айыл эли жаман болуп жатат. Ошол «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаада биздин айылдык бир үй-бүлө кетип бара жаткан. Өздөрүнүн унаасы эле. Андагы ата-эне, келин-уулу жана үч небереси теӊ каза болуп калды. Азыр үйүндө бир киши жок. Эмне деп айтарыбызды билбей турабыз. Үйүн жасап, оӊдоп-түзөп, мына эми жашоонун жакшылыгын көрөбүз деп турган чакта кете беришти.

Бул үй-бүлөнүн бир кыз, бир уулу эле бар. Кызы тушоо той өткөрүп, баары ошол тойдон келе жатышыптыр. Ошондо үйдүн 1956-жылы туулган кожоюну, анын 1958-жылкы жубайы, 1985-жылкы уулу, 1992-жылкы келини жана үч небереси теӊ каза болду. Ал эми берки «Киа» унаасында күйөөсү, аялы жана бир жүргүнчү бар экен деп уктук. Алар ооруканада» деди алар.

«Кырсык маалында «Фольксваген Вентодон» 6 киши каза болуп, бир киши ооруканага түшкөн. Ал эми «Киа» үлгүсүндөгү унаадан бир киши каза болуп, үч киши ооруканага түшкөн. Кийин «Фольксваген Вентодон» аман калып, ооруканага түшкөн бир киши дагы каза болуптур» деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер