“Каныбек Осмоналиев күнөөсүз жерден камалды”
Бишкекте өткөн митингдин уюштуруучусу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев камакка алынды. Ал “бийликти басып алууга ниеттенген” деп шектелүүдө. Акыркы чечим кандай болорун убакыт көрсөтөөр. Бирок, чындыкты бетке айткан саналуу аксакалдарыбыздын бири Каныбек Осмоналиевдин камалып калышы кейиштүү көрүнүш.
Бакыт БАКЕТАЕВ, серепчи:
-- Садыр Жапаровду билем, абдан мекенчил саясатчы. Митинг бейбаштык менен уланып кетти. “Садыр Жапаровго жардам беребиз” деп, тескерисинче, анын тагдырына тескери таасир этти. Башында жакшы башталып, бир топ пикирлер айтылган. Ошол боюнча бүтүп калса бийлик ойлонот эле. Азыр бийлик таарынып калды. “Жардам беребиз” деген жалындуу жаштар тескерисинче бузуп койду. Эл чогулуп, пикирин айтып бүтүп, тарап кетиши керек болчу. А булар Акүйгө жөнөштү. Жаш балдар баарын бейбаштыкка айландырып жиберди. Митингдин жакшы талаптары бейбаштык менен бүттү. Тойго келген киши тостун айтып, жакшы тарап кетиши керек. Анан тостун айтып, аягында мушташ болуп кетсе, той бузулат.
Түрмөдө президенттен тартып баардыгы бар, бирок академик жок эле. Эми академик дагы түшүп калды. Ал кишиде күнөө жок. Бирок, митингдин уюштуруучусу болуп жатат. Мыйзамда уюштуруучу жооп берет.
Ишенбай КАДЫРБЕКОВ, коомдук ишмер:
-- Митингге уруксат берилип, башында жакшы өтүп жатты. Аягында провокаторлор болдубу, же өздөрү ушундай акылсыз иш жасаштыбы, чоң ката кетирип, ойлогон максаттарын жокко чыгарып коюшту.
Бектемир ТӨЛӨН уулу, конфликтолог:
-- Каныбек Осмоналиев коомго коркунуч жаратчу кылмышкер эмес. Ал Кыргыз Республикасынын калыптануусуна, өнүгүүсүнө зор салымын кошкон коомдук ишмер, мурунку депутат, окумуштуу. Эгерде бийлик ал кишини “мыйзам бузду, кылмыш кылды” десе, ал кишини үй камагына чыгарып туруп, кааласа күн сайын чакырып тергөө иштерин жүргүзө берсе болот да. Балким, анын аракеттеринде кандайдыр бир калпыстыктар кетсе кеткендир, бирок ошол үчүн алпарып түрмөгө камап салган гумандуулукка эле эмес, адамгерчиликке деле жатпаса керек. Мындан кооптуу, мындан оор кылмыш кылгандарды деле үй камагына калтырып эле тергеп атышты эле го... Ал кача тургандардан эмес. Элди билбейм, бирок Каныбек ага, мен кыялымда сиз мененмин! «Эгер төрдөн орун тийсе нааданга, улагада калганыңа арданба” дегендей кеп...
Аркарбек МАМЫТОВ, жарандык активист:
-- Каныбек Осмоналиев митингде модераторлук кылып, өз милдетин аткарды. Ал эми митингдин катышуучуларынын туура эмес кадамдарга барганына, ал кишинин күнөөсү жок да. Анткени, Осмоналиев элди мыйзамсыз кадамдарга үндөгөн жок…
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити