Акыркы кабарлар
» Саясат » Ленин РИИБни артка тарткан Азамат Байгазиевден качан кутулабыз?
Ленин РИИБни артка тарткан Азамат Байгазиевден качан кутулабыз?
26-июнь, 08:18

Жакында Ленин РИИБнин тергөөчүсү пара алууга айыпталып кармалган. Бул көрүнүш өнөкөткө айланып бараткандай. Эске салсак, Ленин РИИБ начальниги Азамат Байгазиевдин ишмердиги көңүлгө толорлук эмес. Ар дайым сын-пикирлер айтылып келет. Буга чейин кылмышка шектүү аталган мекемеден өзүн өлтүрүп, чуу чыккан эле. Соңку убакта өздүк курам ичинде Азамат Байгазиевди анчейин жактырышпай, ишти жөндөй албай атканын, милдетин аткарууда аксап калганын айтышууда. Свердлов РИИБни жетектеп турганда да артынан чуулган басылчу эмес. Себеби, ката кетирген жетекчи дайымда коомчулукка “калкып” чыгары белгилүү да. Кыскасы, жалпы коллективди артка тарткан начальниктен кутулууга кез келдиби?
"Азия Ньюс" гезити