Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Контаажынын” кооптуу жагдайлары

“Контаажынын” кооптуу жагдайлары

08-июль, 12:21
721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдо коронавирус тууралуу такталбаган, далилденбеген маалыматтар жайылып кетти. Алардын кээ бирин турмушта колдонуу ден соолукка, ал эле эмес адам өмүрүнө коркунуч алып келет. Мындайды алдын алуу максатында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган фактылар менен бөлүшүүнү туура көрдүк.


COVID-19дун козгогучу бактерия эмес, вирус

Коронавирустун козгогучу вирус болгондуктан, антибиотиктер бул вирус менен күрөшүүдө эч кандай таасир бере албайт. Кээ бир COVID-19 менен ооругандарда кошумча бактериалдык инфекция оорусу да жаралышы мүмкүн. Мындай учурда врач бейтапка антибиотик жазат. 

Азыркы учурда коронавирусту дарылоо үчүн атайын катталган дары-дармектер жок. Эгер сизде оорунун белгилери байкалса, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылыңыз, же ыкчам байланыш номерлерине чалыңыз. Атайын сунуштамаларды аткарыңыз.


Узак убакыт бою медициналык беткапты туура тагынып жүрүү көмүр кычкыл газы менен ууланууга, кислород жетишсиздигине алып келбейт.

Медициналык беткапты узагыраак тагынуу ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок ал көмүр кычкыл газы менен ууланууга, кычкылтек жетишсиздигине алып келбейт. Беткап ооз-мурунду жабуу менен дем алганга тоскоолдук жаратпаш керек. Бир жолу колдонулуучу беткаптарды кайра-кайра колдонууга болбойт, ным болгон сайын алмаштырып туруу зарыл.


COVID-19 менен ооругандардын дээрлик көпчүлүгү айыгып жатышат

Коронавируска чалдыккандардын көпчүлүгү оорунун жеңил симптому менен катталгандыктан, терапиянын жардамы менен айыгып кетишүүдө.


Алкоголь COVID-19дан коргой албайт

Спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуу ден соолукка терс таасирин тийгизет.


Учурда COVID-19ду дарылоо үчүн атайын препараттар жок

Гидросихлорохин же башка бир препараттар коронавирус инфекциясын дарылайт жана алдын алат деген далилдер жок. Тескерисинче, гидросихлорохинди туура эмес пайдалануу ден соолукка  коркунуч алып келет. Ал эле эмес өлүмгө да жеткирет. 


Тамакка калемпир кошуу, чеснок пайдалануу COVID-19дан коргобойт жана айыктыра албайт

Коронавирустан коргонуунун эң мыкты ыкмасы – дистанцияны сактоо, колду тез-тез жууп туруу.   Мындан тышкары, туура тамактанып, суюктукту көбүрөөк ичип, көнүгүүлөрдү жасап, өз маалында уктап, ден соолугуңузду чыңдай аласыз. 


Чымын-чиркей COVID-19дун ташуучулары эмес

Чымын-чиркей коронавирустун козгогучун ташыбайт. COVID-19 – респиратордук  вирус. Оорулуу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө тамчы пайда болуп, ал аркылуу вирус башка адамга жугат. 


Ысык ванна коронавирус инфекциясынан сактай албайт 

COVID-19 менен ооруп калуудан ысык ванна коргобойт. Ысык ванна териңизди күйгүзүп, зыян алып келиши мүмкүн. 


250 градустан жогорку температура коронавирус инфекциясын токтото албайт

Канчалык аба ырайы ысык болсо да COVID-19ду токтото албайт. Ысык климаттуу өлкөлөрдө да бул оору катталууда.


Коронавирустан пневмонияга каршы вакцина коргой албайт

Пневмонияга каршы (мисалы, пневмококковая вакцина, вакцина против гемофильной палочки типа В) вакциналар COVID-19дан сактабайт. COVID-19 башка вирустардан өзгөчөлөнгөндүктөн, атайын  вакцина керектелет. Азыркы учурда окумуштуулар вируска каршы вакцинаны изилдешүүдө.


Мурун көңдөйүн туз кошулган суу менен чайкап туруу коронавирустан сактай албайт

Туз кошулган суу менен чайкоо кадимки гриппте жардам берип, айыгууну тездетиши ыктымал, бирок коронавируста эмес.


Метанол, этанол, хлор колдонуу COVID-19ду дарылабайт

Метанол, этанол, хлор – уулуу заттар болуп эсептелет. Аларды ичүү өлүмгө алып келет. Бул каражаттар организмдеги вирусту өлтүрбөйт, тескерисинче, ички органдарга болуп көрбөгөндөй зыян. 


Коронавирус менен бир гана кары-картаңдар оорубайт

COVID-19 – бардык муундун оорусу. Кары-жашка карабастан, ар бир адам вирустан коргонушу зарыл.


Кундуз Апышова 
Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер