Алыкулдун “Жибек кийген эрке кызы” же адамдын адамдык трагедиясы

![]()
Бейшебай Усубалиев
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Мындан сырткары, сынчы көркөм кептин экинчи бир касиет-өзгөчөлүгүн да көз жаздымда калтырбаган, тактап айтканда, сүрөттөлүп жаткан кубулушка карата автордук мамиле (баа) жөнүндө да кеңири сөз кылып, акын өзүнүн мамилесин табышмак бойдон калтырса да (муну да чеберчилик катары карайт, буга мен да кошулам), баары бир анын симпатиясы толугу менен колхозчу ата тарапта экенин, бирок ушул эле маалда ал кызды айыптап, жек көрбөгөндүгүн, мыскылдабаганын, атүгүл анын жаштыгына жана айыпсыз эркелигине билинер-билинбес суктана (алдын мен атайы сыздым, мунун сыры кийин ачылат – Б.У.) карарын белгилейт да, мындай бүтүмгө келет: «Ал эми жалпы ырдан жашоонун түпкү маңызын терең түшүнгөн, турмуштун жана табияттын баамга араң урунган кооз кубулуштарын да өткүр сезе алган, адал эмгектин кудуретин жана кадырын жакшы билген, карапайым мээнеткеч кишилерди чын пейилден ызааттаган, дүйнө жана өмүр жөнүндө басса-турса ой жүгүртүп жүргөн адамдын сабырдуу, кыраакы, акылман көз карашын сезип-туюуга мүмкүн. Ал көз караштын тамгасы ырдын формалык касиетине да айкын басылган».
Ошентип, өйдөкү идеялар менен катар сынчы ырдын жалпы маанисинен мына ушул ойчул, кыраакы адамды да сууруп чыгат, сезими эргип, толкуп-ташат. Арийне, белгилүү сынчы “мени бул толкутту, эргитти” деп ачык жарыя кылбайт (балким, максатына жараша, мындай суроонун тегерегинде атайлап ой чаргытпаган да чыгар), бирок ыр турган турпаты (идеясы, сырткы техникасы, кыраакы адамы ж.б.) менен анын ой-сезимине бүлүк салгандыгы макаланын жалпы духунан белгилүү болуп отурат. Көркөм чыгарманын ким эмнесине эргип-толкуйт – бул ар кимдин өз иши, а мен «Жибек кийген эрке кызды» окуп чыккан соң жадыбалдай жат өйдөкү идеяларды жеке-жеке алып да, баарын жуурулуштура карап да, сынчы сууруп чыккан сезимтал адамды кыялымда жаратып алып да, ырдагы карапайым сөздөргө өзгөчө кунт коюп да, негедир анча эргип толкундай албай койдум. Албетте, ыр менин ой-сезимимди козутпай койгон жок, мен деле эргип, ойго баттым, бирок ырда эмне айтылыптыр (?) деп суроо таштап, өйдөкү идеялардын улам бирин ичегидей чубап чыга баштаганда эле ыр өзүнүн көркөмдүк кунарынан ажырап, кургак маалыматка айланып кетти. Эгерде идеяларды кургак саноо менен чектелсек, кайсы ыр болбосун мындай тагдырга туш болору белгилүү эмеспи, бирок андай жосундан өйдөкү ыр мен үчүн өзгөчө кыйроого учурады. Анан мен өзүмө өзүм мындай суроо коюуга аргасыз болдум: карапайым сөздөр менен берүү, жамгырдын туюмдуу элеси, өйдөкү жаркын идеялар (жаркын эмес идея болбойт эмеспи!) ырдын идеялык-көркөмдүк дараметин ушундай бийиктикке көтөрө алат беле? Бул суроо мени поэтикалык ойдун жаӊылыгы, б.а., ойдун метафоралуулугу жөнүндө ой чаргытууга мажбурлады. Ошондо мен метафора – бул сөз маанилерин жөнөкөй гана ооштуруу эмес экенин, а баарыдан мурда, ал дүйнөнү иликтөөнүн жаңы ыгы, дүйнөнү башкача, жаңыча кабылдоо, көрө билүү экенин дагы бир жолу баса белгилеп, белгилүү сынчы башын кылтыйтуу менен чектелген мобул суроолорго өзгөчө көңүл бурууга аргасыз болдум: акын жамгырдан эмнени көрөт? Ушундай эле кыздан эмнени көрөт да, колхозчу атадан эмнени көрөт, б.а., булар кандай метафоралык касиетке (поэтикалык мааниге) ээ? Анда кеп оролу мына ушулар жөнүндө.
Алыкул «Жибек кийген эрке кызды» кандай максатты көздөп же эмнени айткысы келип баштаганына, жазганына азыр пайгамбарлык кылуу өтө кыйын, атүгүл акындын өзү деле (көзү тирүү болсо) бул суроого чала-чарпыт гана жооп кайтара алмак. Балким, ал чын эле көнөктөп төккөн жамгырга кабылып, дүйнө-өмүрдүн кадыр-баркын мыкты билген ары акылман, ары сезимтал жана өз заманынын патриоту катары жамгыр береке-байлыктын бир булагы экенине көзү жетип, аны чыныгы дыйкандын көзү менен карагысы келгендир, ал эми дыйкан атанын образын терең ачып берүү, таасирин арттыруу үчүн эки ортодо эрке кыз өзүнөн өзү эле чыга калгандыр, кыскасы, акын ак ниет, мээнеткеч колхозчу атаны даңктоого, ага карата өзүнүн жылуу сезимин билдирүүгө чындап эле кара жанын карч урган чыгар? Сынчыга кошулуп биз да ушинтип айтууга толук акылуубуз, анткени ырда мунун баары (жамгыр, эрке кыз, колхозчу ата) бажырайып даана көрүнүп турбайбы. Бирок айткысы келүү менен айтылган ой дайым эле шайкеш келе бербейт, дал ушул шайкеш келбей калуу айрым учурда көркөм кепке өзгөчө бир ажар, кудурет-күч тартуулап, анын купуялуулугун (көркөмдүгүн десек да болот) ого бетер арттырат. Мына ушул өңүттөн алып караганда, жамгыр, эрке кыз жана колхозчу ата – үчөөнүн тең образы биздин көз алдыбызга канчалык элестүү, туюмдуу тартылып турса да, өйдөкү чыгарманы жамгыр жөнүндөгү ыр деп бир беткей айтууга негедир ооз барбайт. Ыpac, көшөгөнүн бери жагында ушул үчөө ээрчишип, өз ара чырмалышып оюн коюп жүрүшөт, бул баарыбызга белгилүү, муну Эшмат да, Ташмат да опоңой эле көрүп-билип турат, бирок көшөгөнүн артында сымаптай мөлтүлдөгөн, кол менен көзгө, жүрөк менен мээге оңойлук менен илинбеген поэтикалык метафора жаткандыгын кантип тана алабыз? Эгер биз муну элес албай, атайылап (же башыбыз жетпей) көз жаздымда калтырып, ырдын көркөмдүк-идеялык дөөлөтүн кадыресе жамгырга гана байлап, өйдөкү идеяларды чубап чыгуу менен гана чектелсек, анда «Жибек кийген эрке кыз» өзүнүн көркөмдүк-эстетикалык касиетинен караманча кол жууп, кургак маалыматтын гана кейпин кийип калат. Кыскартып айтканда, ырдагы поэтикалык метафора – бул жамгырдын байлык булагы экендиги да эмес, эрке кыздын акылсыздыгы, колхозчу атанын акылмандыгы да эмес, а турмуш менен тагдырдын бир шылдыңы, дааналап айтканда, адам аттуунун адамдык бир трагедиясы. Дал ушул трагедия жүрөгүңдү “болк” эттирип, сезимиңди кытыгылайт, мээңди эзип, санаага чөгөрөт. Анда мындай трагедия ырда чын эле камтылганбы же жокпу? Эгер камтылса, ал кандайча бышып-жетилген? Бул суроону далилдеп көрөйүн. (Албетте, далилдөө учурунда бул эки суроону аралаш эле карамакчымын).
Мен муну (трагедияны) баарыдан мурда жамгырдан көрөм, дааналап айтканда, акын бүтүндөй ички күйүтүн, арыз-арманын жамгырга төккөн. Ооба, реалдуу жамгыр ырды баштан-аяк өрдөп өткөнсүйт, бирок үңүлө карасак, биз жамгырдан биринчи сабактын аягына чыгып-чыкпай эле кол жууп калганбыз, анткени аны белгилеген сөз (жамгыр) экинчи сабактын башкы саптарында эле семантикалык жылышка кабылып, бири-бирине чатыша чырмалышкан, карама-каршы көп маанилүү сөзгө айланып кеткен эле. Бул жагдай, өз кезегинде, кыз менен ата сөзүнө да өз таасирин тийгизген, б.а., алар да семантикалык жылышка учурап, маанилери боюнча катмарланып татаалданууга дуушар болгон, ошондой эле булардагы семантикалык жылыш (карама-каршылык), тескерисинче, жамгыр сөзүнүн маанисиндеги катмарланууну (карама-каршылыкты) ого бетер терендетүүгө өбөлгө түзгөн. Бул жерде кимдин болбосун назарын өзүнө бурбай койбой турган момундай бир жагдай бар: жамгырдагы семантикалык жылыш аталган сөздөрдүн гана эмес, акындын ниет-маанайынын да катмарланып татаалдануусуна алып келген, бул болсо акындын образына өз таасирин тийгизип, атүгүл аны өзгөртүп (карама-каршы, белгисиз, олку-солку абалда калуу), ырдагы поэтикалык ойдун табышмактуулугун бир кыйла арттырып таштаган. Ким билет, акын колуна калем аларда да сынчы белгилеген идеяларды жеткирсем деп ниет кылгандыр, атүгүл ыр жазылып бүткөндөн кийин да айтчуларымды (демек, өйдөкү идеяларды) айтып, тилегиме жеттим деген ойдо калган чыгар? Ошентсе да ал ырды куроо процессинде да, куралгандан кийин да чийеленишкен карама-каршы ойлорго кабылып (көркөм чыгарма даяр бойдон эле “балп” этип жерге түшө калбайт эмеспи, анын жаралышы түмөн түйшүктүү эң татаал процесс), өңгө түгүл өзү үчүн да табышмактуу кандайдыр бир керемет поэтикалык ойду айта баштаганын, кийин чын эле ошентип айтып алганын өзүнүн ички туюмунда элдир-селдир болсо да сезген көрүнөт. Буга ынануу үчүн ырдын аталышына кайрылалы.
Акын ырга атты качан (баштаганда элеби же бүткөндөн кийинби) койгонун азыр так аныктоо колубуздан келе бербес, бирок ошентсе да ал мага ырды ийине жеткире иштеп чыгып, анан ат койгондой, койгондо да түмөн түйшүккө батып, ырды кайра-кайра окуп, миң ойлонуп, миң толгонуп отуруп ыроологондой (ырды жазгандан да ат берүү кыйынга тургандай) туюлат. Баарыбызга маалым, ат кокусунан коюлбайт, ат менен көркөм тексттин ортосунда бири-бирин шарттаган өтмө катар тыгыз семантикалык байланыш бар, ал (ат) канчалык конкреттүү болсо да баары бир метафоралуу (чыгарманын аты, б.а., чыгарманын атын билдирген сөз же сөз айкашы, же сүйлөм өзүнүн нурк-насилинде көп маанилүү, катмарлуу болот эмеспи) тактап айтканда, турган турпаты менен жыйрылган пружинаны эске салат, улам барган сайын «пружина» жазылып отурат да, аттагы купуя сыр акырындап айкын боло баштайт. Демек, сымаптай мөлтүлдөп, өңгө түгүл өзүнө да купуя бойдон калып отурган метафоралык ой Алыкулга тынчтык бербей, түмөн түйшүккө салган, акыры ырда башкы орунга береке-байлыктын бир булагы жамгыр да эмес, акын акылман, мээнеткечтиги үчүн көкөлөтүп даңктоого ниеттенген колхозчу ата да эмес, капысынан эле өзүнүн эрке кызы чыга калганын моюнга алууга аргасыз болгон да, ырга өзгөчө көңүл бөлүп, өзүнүн ички күйүтүн дал ушул кыз аркылуу төгүүгө милдеткер экенин жүрөгү менен да, акылы менен да баамдаган. Ошентип, ырга «Жибек кийген эрке кыз» деп ат койгон, чынын айтканда, койгон эмес, а ыроологон. Ырдын аты мени мобул эки негизги нерсеге өзгөчө назар бурууга мажбурлап отурат: 1) Аттын өтө конкреттүү коюлушу, кыздын кийими менен мүнөзүнө айрыкча көңүл бөлүнүшү; 2) Эрке сөзүндөгү катмарлануу, анын жаңыча ыраң-түс алышы. Мунун ар бирине өзүнчө токтолоюн.
Акындын көңүл чордонунда кыз турат дедик, бирок жөнөкөй кыз эмес: а) жибек көйнөк кийген; б) эрке кыз турат. Демек, акынды кыздан мурда анын көйнөгү менен эркелиги тынчсыздандырат, ошондуктан аларга атайы басым коёт, бул аркылуу кыздагы кандайдыр бир ыйык касиет жөнүндө кыйытып, чу дегенде эле кыз сөзүнүн семантикасында кыймылдын (жылыштын) пайда болушуна өбөлгө түзөт. Ал эми эрке сөзү жалпы элдик тилде негизинен оң да, терс да баага ээ экендиги белгилүү: ыгы менен эркелөө, жапакеч-жароокер (оң); ыксыз эркелөө, эрке талтаң, эссиз (терс). «Жибек кийген эрке кыздагы» эрке сөзүндө бул эки баанын тең шооласы (нюансы) бар, карым-катышка (дыйканга, кызга, акынга ж.б.) карай бирде тигиниси, бирде мунусу башкы орунга чыгып, кубулуп турат. Бирок поэтикалык метафорадан сызылып чыккан дагы бир катмар бар, б.а., ал (эрке) ушундай эле кайчы баага ээ болуп, ошол эле маалда экөөнөн бирдей кол жууп, муну менен катар өзүнүн түпкү (реалдуу) мааниси менен аныкталгычынан (кыз) да ажырап, конкреттүү бир жандыктын (кыздын) жаш, тажрыйбасыз, бейкүнөөлүүлүгүн, же тескерисинче, эркеталтаң эссиздигин гана эмес, а жалпы эле (абстракттуу) табигатты, дүйнө-өмүрдөгү бейкүнөөлүктү, периштелик менен тунуктукту белгилөөгө өтөт. Айтор, эрке сөзү менен бейкүнөөлүк, тунуктук, периштелик сөздөрү маанилик жактан жалпылыкты түзүп, бири-бирине барабар болуп калат: эрке – бейкүнөөлүк (периштелик тунуктук). Ошондой эле буга кошул-ташыл жибек сөзү да өзүнүн түпкү маанисинен ажырап, дал ушул маанилер (тунуктук, бейкүнөөлүк, периштелик) менен өз ара жуурулушуп кеткендей туюм калтырат. Арийне, ырдын артында жашырынган сырды аттын өзү жалгыз таптакыр чечмелеп бере албайт: ырды (көркөм текстти) дыкаттык менен окуп чыгып, маани-маңызын терең түшүнгөндөн кийин гана аттын көп маанилүүлүгү, анда катылып жаткан сыр ачыкка чыгышы ыктымал. Ачыкка чыгыштын деңгээли ар кандай болот, айрымдары бүтүндөй төрт сырын жайып таштаса, кээ бири (көбүнчө толук кандуу чыгарма) ачыкка чыккандай көрүнгөнү менен бүдөмүк бойдон эле кала берет, кыскасы, чыгарманын аты ошол чыгарманын өзү сыяктуу эле көп маанилүү: өзүн оңойлук менен ачып бербейт, кайсы мааниси башкы орунда экени бүдөмүк бойдон калат жана ар ким өз деңгээлине жараша кабылдап түшүнөт. Айтмакчы, өйдөкү ырда деле акын адегенде таза, жылаңач идеяларды катар-катар тизип алып, жазылчу ырымдын атын мындайча коёюн да, андагы бул сөздү мындай, тиги сөздү тигиндей мааниде колдоноюн деп алдын ала ниет кылбаса керек. Акынды эргитип, колуна калем алууга дуушарланткан жалпы бир ой болсо болгондур, бирок чырмалышкан идеялар чыгарманын жаралуу процессинде пайда болгондугу кашкайып эле көрүнүп турбайбы. Ушундан улам “чыгарманын атында жашырынган сыр кайдан жана кандайча пайда болот, анын жаралышын көркөм тексттеги кандай өбөлгөлөр шарттап турат, көркөм текстте кантип реализацияланып, кантип чечмеленет, акырында аттагы купуялуулук («Жибек кийген эрке кызды» айтып жатам) адам аттуунун адамдык трагедиясы менен кандайча байланышып, өз ара жалпылыкты түзүп турат?” деген мыйзамдуу суроо туулбай койбойт.
Эми жамгырга чындап кайрылууга кезек келди окшойт. Анда «Жибек кийген эрке кызда» деги реалдуу жамгыр барбы? Бар да, жок да. Бар, анткени акын жамгыр тууралуу жазды, жамгырдын туюмдуу элесин көз алдыбызга тартып, айрымдарыбыздын кыялын көккө серпилтти, айрымдарыбызды ичиркентти; жок, акын жамгырды жазып жатам деп (чын эле жамгыр жөнүндө жазып жатпады беле) ойлоду, бирок ушул эле маалда жамгырдан бөлөк нерсени жазып жатты, бүткөндөн кийин да жамгыр жөнүндө жаздым деп биресе кудуңдап сүйүндү, биресе буга толук ынанды. Бирок ошол эле учурда жамгыр жөнүндө эмес, өзү ойлобогон, ниеттенбеген бөлөк бир нерсени жазып алды. Ошентсе да акын жамгыр жөнүндө жаздым деген ишенимде калды, бирок ары жактагы көзгө көрүнбөгөн сырдуу бир нерсе өзүнүн кубаттуу нурлары менен жамгырды жутуп алып жатты. Кыскасы, жамгыр ошо көнөктөп төгүп жаткан кейпинде эле өзүнүн табигый нурк-насилинен ажырап, кандайдыр бир ыйыктыкка айланып кеткен эле, дааналап айтканда, жамгыр – бул жаратылыштын бир кубулушу эмес, табигый кубулуш эмес, а ал – бейкүнөөлүүлүк, тунуктук жана периштелик. Мына ушул бар жамгыр менен жок жамгыр бир эле маалда эриш-аркак жашайт, өз өкүмүн жүргүзөт, ушунусу менен поэтикалык ойдун табышмактуулугун, карама-каршы касиетин ого бетер тереңдетип, анын кеңири, терең ачылышына өбөлгө түзөт жана бизди ойго түртүп, баш катырууга мажбурлайт. Жамгыр мындай керемет касиетке кандайча ээ болуп калды? Бул үчүн ырдагы сөздөрдүн баш катырган карым-катышына, мамилесине токтолоюн.
Чийеленишкен, өтмө карым-катнаш катары мына буларды көрсөтсө болот: а) адамдаштырылган, адамдык касиетке ээ болуп, адам кейпин кийген, адамдай жандуу жандык (периштелик, тунуктук), демек, ал (жамгыр) кыз менен да, колхозчу ата менен да карым-катышта боло алат: жамгыр – кыз, жамгыр – колхозчу ата); б) кыз менен колхозчу атанын карым-катышы өтмө катар, көп кабат: 1) алар жамгырга табигаттын бир кубулушу катары карап, ушундай мааниде карым-катышта болот: кыз – жамгыр (суу), колхозчу ата – жамгыр (суу); 2) өйдөдө белгилегендей, жамгыр кыз менен колхозчу атадай эле ой-сезимге эгедер (поэтикалык табылга) жандык, демек, мындай жаатта алганда да, карым-катышта болууга акылуу: кыз – жамгыр, (периште), колхозчу ата – жамгыр (периште); в) булар өз ара жуурулушуп кетип, дагы бир карым-катышка өбөлгө түзөт: кыз - жамгыр (суу+периште), колхозчу ата - жамгыр (cyy-периште); г) бул карым-катыш өз кезегинде оңойлук менен көзгө илинбеген дат бир карым-катнашты пайда кылат: кыз – колхозчу ата, колхозчу ата – кыз; д) мына ушундай көп катмарлуу, татаал, баары жуурулуша келип, бир учурда кыймылга келүүчү (реализациялануучу) карым-катыштар жыйындысынан негизги карым-катнаш – автордун карым-катнашы (мамиле, баа) жаралат: акын – жамгыр (суу), акын – жамгыр (периште); акын кыз (тажрыйбасыз, жамгыр баркын түшүнбөгөн), акын кыз (периште, байкуш), акын – колхозчу ата (тажрыйбалуу, жамгыр баркын түшүнгөн), акын – колхозчу ата (байкуш). Акындын карым-катнашы (мамиле-баасы) улам барган сайын катмарланып татаалдана берет, анткени жамгыр, кыз, колхозчу ата – үчөө тең кубулуп, бири экинчисине өтүп, татаалдангандан татаалданууга дуушар болот.
(Уландысы бар)
"Азия Ньюс" гезити











