Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Раззаковдун ооматы жана трагедиясы

Исхак Раззаковдун ооматы жана трагедиясы

21-сентябрь, 20:05
537 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Илимий жагынан компетенттүү, негизинен калыс позицияны карманган М.Богданова, А.Валитова, Н.Бернштам сыяктуу илимпоздорду эске албаганда, конференцияда эпосту изилдеген адистер болгон эмес, мисалы, А.Алтмышбаев, А.Хасанов, А.Каныметов, С.Токтогонов, С.Өмүрзаков, С.Табышалиев, С.Ильясов, К.Соронбаев, Б.Орузбаева, Б.Керимжанова, А.Сарманова, К.Омурзаков, А.Давлеткелдиев, Б.Маленов, К.Укаевдер кызмат абалына байланыштуу гана баяндама жасашкан. Б.Юнусалиев болсо эпосту изилдөөгө жаңыдан киришип, москвалыктарга белгисиз илимпоз болгон. Ошон үчүн ал баяндамасынын башында эле “Мен “Манас” эпосунун билерманы же окумуштуу манастаануучу катары чыгып жаткан жокмун” деп эскерткен, анткени ал ушул конференциянын капшабы менен “Манаска” кайрылууга мажбур болгон, эпосту изилдеген негизги эмгеги кийин жазылган (“Манас”, 1-том, кыскартылып, бириктирилген вариант. Б.Юнусалиев “Баш сөз”, 1959). А.Токомбаев болсо Сагымбайдын варианты реакциячыл деп негизги, классикалык вариантты жокко чыгарып, вульгардык-социологиялык сынчыларды колдоп туруп алса, “Манас” үчүн жанын берүүгө даяр болгон К.Маликов менен Т.Сыдыкбековдун сөзү канчалык аракет кылышса да москвалык демагогдордун тараза ташын оодара алмак эмес. Азыр айтканга оңой болгон менен ошол учурда кырдаал өтө кыйын эле. Конференцияга катышып, ал жерде түзүлгөн кыйын кырдаалга өзү күбө болгон профессор Кушбек Усенбаевдин “Местные писатели, все без исключения, считали эпос “Манас” народным произведением. Но им приходилось очень туго под напором авторитетных мнений из центра, отстоять народность кыргызского эпоса не удавалось. Дискуссия приняла очень острый характер. На стороне докладчиков оказалась и такой крупный специалист, как М.Богданова. К счастью, в работе конференции принимал участие гордость советской восточной литературы М.О.Ауэзов. Он внимательно выслушивал всех, делал себе пометки и выступил последним. Присутствующие слушали его, затаив дыхание, киргизские писатели надеялись на него. М.О.Ауэзов полностью оправдал их надежды. Он глубоко, всесторонне и убедительно обосновал народность эпоса “Манас” и подчеркнул его историческое значение. Благодаря его глубоким знаниям и огромному авторитету научная конференция приняла принципиально важное решение о народном характере эпоса “Манас” и о его историческом значении в жизни кыргызского народа.” (“О республиканской научной конференции, посвященной эпосу “Манас” в 1952 г”. В кн. “Эпос “Манас” и эпическое наследие народов мира” Б.,1995) деп жазган эскерүүсү конференцияда М.Ауэзовдун пикири чечүүчү ролду ойногонун далилдеп турат. 

 Конференцияда Мухтар Ауэзов акыркы, чечүүчү сөздү айтканга жөнү бар эле. Анткени ал союздук деңгээлдеги фольклор изилдөөчү, “Манас” боюнча чоң адис болгон. “1928-29-жылдарда эки жылы удаа Фрунзеге келип, биз окуп жаткан Борбордук Педтехникумдун мурдагы завучу, кийинки директору Базаркул Данияровдун үйүндө үч айдай жатып, Кыргызстандын акцентринен "Манастын" Сагымбай Орозбак уулунун оозунан жазылган вариантын изилдеп жүрдү да, 1930-жылы “Манас” эпосу боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган эле”. (Зияш Бектенов “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” 1996, 283-б) деп З.Бектенов жазгандай М.Ауэзов эпосту жаш кезинен изилдеп, “Манас” киргизская народная героическая поэма” (Алма-Ата, 1937) деген фундаменталдуу монографиясы союздун илимий чөйрөсүнө кеңири таанылып, кадыр-баркка ээ болгон көрүнүктүү аалым эле. Конференция болгон кезде М.Ауэзов дүйнөгө белгилүү жазуучу, ошондой эле СССРдин илимий чөйрөсүндө чоң чыгыштаануучу катары да аброю бар эле. Эң негизгиси, “Манасты” изилдеген алп аалым болгондон кийин анын пикири өзгөчө чоң мааниге ээ болгон. Жогоруда белгиленгендей, полярдык карама-каршылыктагы позициялардын тирешүүсү, келишкис тараптардын айыгышкан күрөшү жүрүп жатканда М.Ауэзовдун “Кыскартылып, бириктирилген вариант” тууралуу негиздүү сунушу “караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” дегендей эле көсөм чечим болгон. Эң негизгиси, конференцияда бул жүйөлүү сунушка эч ким каршы чыккан эмес, талкууланбастан бир добуштан кабыл алынган. Анткени “Манас” океанында М.Ауэзовдун узак жылдардан бери системалуу иштелип чыккан илимий концепциясынын айсберги турган. Анын тезис формасында сүйлөгөн көп катмарлуу сөзүнө, болоттой бекем логикага таянган терең, мазмундуу, ынанымдуу далилдерине каршы коё турган вульгардык-социолог сынчылардын аргументтери болгон эмес, ага тең келе турган оппоненти да жок болчу. Идеологияны жамынган сынчылар бул конструктивдүү сунушту кабыл алууга аргасыздан мажбур болушкан. М.Ауэзовдун бул сунушу конференциядагы “Манас” эпосунун тагдырын чечкен тарыхый сөз, тарыхый окуя болгон. Муну “Все мы знаем, что когда в результате бездумного, безответственного, порочного, социально-вульгарного подхода к оценке устно-поэтического народного творчества над великим киргизским эпосом “Манас” нависла опасность запрета и утраты, именно благодаря гигантской эрудиции Ауэзова, благодаря его принципиальности и убедительности защиты, общественности удалось тогда отстоять это бессмертное достояние народа. Мы никогда не забудем этого гражданского и писательского подвига Ауэзова” (Ч.Айтматов “Слово об Ауэзове” китепте “В соавторстве с землею и водою...” 1978) деп залкар жазуучу-ойчул Ч.Айтматовдун айтканы дагы бир жолу айкын далилдеп турат. Өлкө башчысы И.Раззаков кылчайнашкан талкууга катышпаганы менен вульгардык-социологиялык сындын өкүлү Ж.Самагановго “сиздин өз пикириңиз кандай? “Манас” эпосунун идеялык негизи эмнеде?” деген суроосунун артында эпос “элдик” деген позицияны жактагандарга ылымсып жан тартканы көрүнүп турат. Ушул маанайды автор китебинде конкреттүү талдоолордун негизинде ынанымдуу далилдеп берген.

 Канткен менен И.Раззаков өз заманынын уулу, коммунисттик партиянын берилген жоокери, тоталитардык бийликтин туундусу болгон. Ошон үчүн анын “эл душмандарына” карата сталинчил мамилеси ХХ сьездден кийин да өзгөргөн эмес. 1959-жылы 18-декабрда өзү төрагалык кылып өткөргөн Кыргызстан КП БКнын бюросунда ”Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановдун чыгармачылыгын баалоодогу катачылыктар” деген темада өткөн жыйындын протоколу муну айкын далилдеп тургандай, ал К.Тыныстановдун “эл душманы” экенине бөркүндөй эле ишенген (Караңыз: “Касым Тыныстанов: талант и судьба”, Б., 2011, стр.300). Аны колдогондорду айыптап, катуу жазалаганга чейин барган. Б.Юнусалиев ошол жыйында илимий принципти бекем кармап, чындык үчүн күрөшүп, К.Тыныстановду жактап, коммунисттик саясый идеологиялык принциптен тайбаган И.Раззаков менен тайманбай полемикага чыккан. Бийликке каяша айткан ушундай “терсаяктыгы” үчүн И.Раззаков авторитардык бийликтин эгеси катары Б.Юнусалиевди КМУнун ректору кызматынан бошотуп, жазалаган. Ал эми академик Б.Юнусалиев позициясын катуу карманып, чындык үчүн аягына чейин күрөшкөн, азыркы принципсиз, бийликтин көзүнүн кареги менен тең айланган күнкарама академиктерге окшоп, бийликке бүгүлүп кошомат кылуу капарына да келген эмес. И.Раззаков авторитардык бийликтин өкүлү, коммунистик режимдин талаптарын кыйшаюусуз аткарган жетекчи, тапчыл, саясый-идеологиялык күрөштүн каарманы болгонун Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановго карата кабыл алган “тыюу салуу” чечими айкын далилдеп турат. Ушул адилетсиз чечими менен И.Раззаков Молдо Кылыч менен К.Тыныстановду кайра экинчи жолу “көмгөн”. Журналист-тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин “И.Раззаков Тыныстановду актаганга каршы чыккан, мындан башка эч бир кемчилиги жок, идол кылса боло берет” дегендей эле айтып жүрөт. Тарых илимдеринин доктору Т.Чоротегин А.Н.Бернштамдын эмгектериндеги “каталар” боюнча И.Раззаковдун “Наиболее крупные ошибки по истории Киргизии допущены в работах проф.Бернштама А.Н., на протяжении многих лет занимавшегося возвеличиванием ханов – организаторов захватнических и грабительских войн – Яглакар-хана, Идыге, Ормон-хана, Курманжан-датха”. (Из доклада секретаря ЦК КП (б) Киргизии И.Раззакова на XI пленуме ЦК КП (б) Киргизии. “Советская Киргизия” 11.06.1952) деп айтканына эмне дейт? Муну Т.Чоротегин атайылап көз жаздымда калтырып, акыл-эсинен чыгарып, анан баягы эле журналисттик ыкмасына салып, кызылдай калпты “ышкыртып” И.Раззаковго адвокаттык мамиле жасаган. Мар Байжиев “В битве за истину” (2001) деп аталган китебинде КирФАНдын тил, адабият жана тарых институтунун фольклористтери Т.Байжиев менен З.Бектеновго китеп жазууга Министрлер советинин төрагасы И.Раззаков өзү буюртма берип, натыйжада 8-класс үчүн “Кыргыз адабияты” окуу китеби жана Сагымбай, Саякбайдын варианты боюнча “Манас” кара сөз түрүндө жазылгандыгын айтып келип, бирок, Ждановдун докладынан кийин саясый-идеологиялык кырдаал өзгөргөндө И.Раззаков да кошо өзгөргөнүн мындай деп жазат: “Но после доклада Жданова тот же И.Раззаков начал самую настоящую политическую агрессию против института языка, литературы и истории, будучи главой комиссии по заявлению, а вернее беспардонной клеветы Ж.Самаганова, делал оргвыводы, объявлял выговора, снимал с должностей, отстранял от работы, не моргнув глазом, дал санкцию на арест Т.Байджиева и З.Бектенова за тот же учебник и за тот же пересказ сюжета по тем же вариантам Сагымбая и Саякбая, в своих выступлениях разоблачал тех же ученых как буржуазных националистов”. 1952-жылы 3-июнда болуп өткөн “Республикада идеологиялык иштердин абалы жана аны жакшыртуунун чаралары” деп аталган БКнын IX пленумунда Кыргызстан компартиясынын 1-катчысы И.Раззаков баяндамасында “В киргизском литературоведении долгое время подвизались ныне разоблаченные буржуазные националисты Саманчин, Байджиев и Бектенов. Они идеализировали и восхваляли реакционных акынов XIX века Калыгула, Арстанбека, Молдо Кылыча, объявив их “великими реалистами и демократами”, которые являются создателями так называемой поэзии “заманов”, пронизанной реакционной, панисламистской, пантюркистской и буржуазно-националистической идеологией” деп өзгөчө баса белгилегени М.Байжиевдин жогоруда айткандарын бекемдеп, ошол кездеги илимпоздорго, алдыңкы адабиятчыларга карата И.Раззаковдун авторитардуу мамилесин кашкайтып далилдеп турат. И.Раззаков өлкөнү башкарып турганда репрессиянын экинчи толкуну менен Т.Саманчин, Т.Байжиев жана З.Бектеновдор улутчул катары 10 жылга кесилип, Карагандыда ГУЛАГда жатып, Т.Байжиев ошол жакта кайтыш болуп, Т.Саманчин менен З.Бектенов ден соолуктарынан ажырап, ХХ съездден кийин реабилитацияланып, кайтып келишкен. Ждановдун жоболоңдуу докладынан кийин “антисоветтик иштер менен алек болгон”, “антисоветтик үгүт жүргүзгөн”, “мекенге чыккынчылык кылган”, “улутчул, буржуазиячыл” (Караңыз: “Кыргызстандагы саясый репрессиянын курмандыктары” (1920-1953-жж.) 10 томдук. 2020) деген айыптар тагылып, беш жүздөн ашык адам камалып, репрессияланып, саясат үчүн садага чабылып, кийин акталган. Демек, тарыхты бурмалап, И.Раззаковдун ишмердүүлүгүн бир жактуу көрсөтүп, жаркыратып лактоонун эч кандай зарылдыгы жок, тарыхты жараткан инсандар андай жасалмалуулукка муктаж эмес. Кыргызстандын айыл чарбасы, индустриясы, илим, билим берүүсү, маданият үчүн жасаган иштери, өлкөнүн калкынын ошол кезде кыргыздар 40,5 пайызын, орустар 30 пайызын (ЦГА ОПД КР.Ф.56.Оп.4.Д.1159.Л.29-43.) түзүп турганда улуттук кадрларды өстүрүү боюнча кабыл алган стратегиялык чечимдери И.Раззаковдун Кыргызстандын тарыхында өзгөчө ордун көрсөтүп турат.

 Ж.Жоробековдун китебинде харизмалуу, креативдүү коммунист лидердин ишмердүүлүгүнүн ушундай карама-каршылыктуу, драмалуу жагдайлары, психологиялык абалдары, жеке турмушу да авторитардык режимдин контексинде кошо каралса, эмгекте И.Раззаковдун образы дагы терең ачылмак.

 Ошентсе да Жолборс Жоробеков бул китебинде Исхак Раззаковдун Кыргызстандын тарыхындагы ордун өзгөчө белгилөө менен жетекчи, инсан катары ачып берүүгө умтулуп, айрыкча анын трагедиялуу тагдырын ичкериден терең изилдеп, улуттук лидердин жаркын образын түзгөн.


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер