Акыркы кабарлар
» Саясат » Арбактар боюнча адис Бакчиевди “дүжүр чал” Мусаев көтөргөндө
Арбактар боюнча адис Бакчиевди “дүжүр чал” Мусаев көтөргөндө
20-декабрь, 18:48


Топчубек Тургуналиев аренадан кетип, бийликке сес көрсөткөн киши жок, саясат да коңултактап, кунарсыз болуп баратат. Аксакал Топчукебиз эми Соке битиреп жатып Манаска Айтматовду учкаштырып ачкан академиянын президенттигин да өткөрүп бериптир. Анын ордуна атактуу жайсаңчы, арбактар боюнча адис Талантаалы Бакчиев барган экен. Аны болсо, көптөн бери “дүжүр чал” атка конгон көлдүктөрдүн отдел кадры Сыртбай Мусаев терминкомго алып барып, эки жылдан бери Т.Бакчиев ошол жерде кылган ишинин дайыны жок, жөн эле айлык алып жүргөнүн айтышууда. Эми ошол кылар иши жок кишини президенттикке сүйрөп барганы кандай? Бу Сыртбай Мусаевдин “козу болсо да өз короомдон кочкор салам” деген жаман адаты калбайт окшойт...
"Азия Ньюс" гезити











