Кырсыктан каза болгон чыгармачыл топту бүгүн жерге беришти
11-ноябрда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 218 чакырымындагы жол кырсыгынан көз жумган чыгармачыл адамдардын сөөгү бүгүн туулуп, өскөн жеринде акыркы сапарга узатылды.
Жол кырсыктан каза болгон 26 жаштагы төкмө акын Акжолтой Канат уулу жана анын жубайы Канатбекова Изаард бүгүн, 13-ноябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылында акыркы сапарга узатылды.
Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына атасы Канат, Тоң районунун акиминин биринчи орун басары Тимур Алымбеков, маданият кызматкерлеринен Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр, Абдылда Иманкулов, Акжолтойдун санаалаштары жана жубайынын жакындары, жергиликтүү тургундар катышты.
Акжолтой Канат уулу белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын кичүү уулу болчу. Жаназа намазы окулгандан кийин маркумдарды жерге берүүгө алып кетишти. Алардын сөөгү апасы Майра Керим кызынын жанына коюлат.
Эскерте кетсек, 11-ноябрда Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам мерт кеткени маалымдалган. Алардын арасында маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жана анын келинчеги да болгон. Алар жакында эле баш кошушкан. Каза болгон жарандар маданият тармагында иштешчү.