Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Акматбек: “Бизде эч ким иштебейт, баягы илең-салаң жашоо уланып жатат”

Руслан Акматбек: “Бизде эч ким иштебейт, баягы илең-салаң жашоо уланып жатат”

19-февраль, 10:41
1 715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Руслан мырза, жаңы өкмөттөн жаркын келечек көрүп жатасызбы?

-- Учурда биз эски Конституция боюнча жашап келебиз. Өкмөт өз алдынча чечкиндүү, эрктүү, президенттен эркин жакшы команда менен келиши керек эле. Бирок, баштаганда эле көйгөйлөр баштан ашып жатса деле чечкиндүүлүк жок. Мариповдун кечээгидей “акимдерди текшерем” дегени советтер союзунан калган адат да. Тескерисинче, ар бир мамлекеттик институт өз алдынча иштеп, өкмөткө эмес элге жооп бере тургандай ишин көргөзүшү шарт. Анын баарын текшергенде эмне? Бул өкмөт президент тарабынан “кол бала” болуп коюлган. Ошондуктан, мындай өкмөттөн натыйжа күтүп деле кереги жок го...

Же президент жоопкерчиликти мойнуна албайт. Бир нерсе десең, “мурдагы Конституция менен жашап жатабыз, жоопкерчилик өкмөттө” дейт. Өкмөт болсо президентти карап отурат. Марипов келгенден бери бир жаңы демилгесин көрө элекпиз. Бизде эч ким иштебейт, баягы илең-салаң жашоо уланып жатат. Болбосо, абдан көп көйгөйлөр чечилбей турат. Шайлоо келатат, жазгы талаа жумуштары, бир жагынан пандемия, кымбатчылык, жумушсуздук, чек ара маселелери күч алып баратат. Бийликте болсо башаламандык... 

Ушул көйгөйлөрдүн баарын ким жөнгө салып, алдыга карай алып кетет? Мамлекеттүүлүк жоюлуп бараткандай таасир калтырышууда. Жаңы бийлик эл аралык коомчулук менен мамилелерди түзүшү керек эле. Мунун баары көз жаздымда калды. Кайда бара жатканыбыз белгисиз...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер