Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Кашкар Жунушалиев креслосун сыйкырлап алганбы?..

Министр Кашкар Жунушалиев креслосун сыйкырлап алганбы?..

29-март, 22:10
1 420 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин ишмердигине көптөн бери нааразычылыктар айтылып келет. Суроо жаралууда. Өкмөт башчы Абылгазиев билмексен болуп, өйдө жакты көрсөтүп, унчукпай келгени ыраспы?.. 

29-мартта вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чыдабай кетип, патрулдук милициянын ишмердүүлүгү ойдогудай болбой атканын сындады. Өзгөчө абалда көчөдөгү адамдардын көп жүргөнү, тескөө болбой атканы кандай? Бул боюнча милициянын иши начар экени көрүнүп турат! Коронавирустун жайылышына кайдыгер карообу?..

28-мартта Нарында “Лемонти” каймана атындагы кримавторитет Алмаз Сулайманов өлтүрүлдү. ИИМ кылмыш чөйрөсүнө алдын ала анализ жасап, каргашалуу окуяны болтурбай коюушу керек болчу. Тилекке каршы, өмүрүндө бир ОПГны кармап көрбөгөн Кашкар Жунушалиев бул жааттан ийгилик жаратмак беле? (Борбор Азияда “каралар” эчак кынга кирген эй!) А бизде ОПГлар бизнес кылууга жетишкенби?.. 

Жакында Курсан Асанов өзүнө ачылган кылмыш иштерин жомокко салыштырып, ойдон чыгарылганын жар салган. Логика боюнча, чын эле Кашкар Жунушалиевдин көралбастыгынан, жеке эрегишүүсү менен каралоо жүрүп, саясый куугунтукка алынганбы? Бул боюнча жогорку төбөлдөр кызыгып көрүшүп, ак-караны ажыратууга мезгил келгенин айтышып, Курсан Асановго жалаа жабылганына ынанып атышабы?..  

8-мартта кыз-келиндердин тынчтык жүрүшүн беткапчан “чоролор” үзгүлтүккө учуратышып, плакаттарын талкалап, зөөкүрдүк көрсөтүшкөн эле. Артынан милиция тынчтык жүрүштү тараткан. Ошондо “чоролор” менен күч органдары биригип алышып, мыйзамдан сырткары иш кылышканбы? Жүзүн жашырган эргулдар адам укугун тепселеп атышса да, эмнеге алар жазаланган эмес? Эл аралык коомчулукта бул көрүнүш катуу сынга алынган. Дал ушунун кесепетинен Батыштан келе турган социалдык колдоолордон кол жуудукпу?

Аз күн мурун Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс башталды. Бул жааттан да Кашкар Жунушалиевдин бетке чиркөө, чала сабат иштери бийликтин аброюна сокку болуп урулабы? Жергиликтүү калк кыжырданууга алдырсачы? Артка кылчайып, иликтөө кылууга азыр да кеч эмес го? Дээрлик күч органдарынын катачылыктары талданабы? Ошондо элдин көксөөсү сууйт! “Ооруну жашырса өлүм ашкерелейт” дейт. ИИМдин “иригенин” көрмөксөнгө сала берип, толкундоолорду жаратып албайбызбы?..

Булардын баары жакынкы эле аралыктагы жүрөк өйүткөн көрүнүштөр. Эмне үчүн ушунча катачылыктарга жол берген министр отставкага кетпейт? Системанын түбүнө жеткенден кийин кеч болуп калбайбы? Же Кашкар Жунушалиев креслосун сыйкырлап алганбы?..

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер