Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таабалды ТИЛЛАЕВ, ЖК депутаты: “Айлыктардын теңсиздиги социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн”

Таабалды ТИЛЛАЕВ, ЖК депутаты: “Айлыктардын теңсиздиги социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн”

18-ноябрь, 11:01
405 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Таабалды мырза, айлык маяналардагы теңсиздик тууралуу маселе көтөрдүңүз. Бул акыры барып чоң проблеманы жаратышы мүмкүн дейсизби?

-- Бүгүнкү күндө айлык маяналар ар кандай болуп атат. Күч түзүмдөрүнүн айлык маяналары бир топ көтөрүлдү. Мугалимдердин, медиктердин айлыгына салыштырмалуу эки эсе жогору десек болот. Бул эртең алардын пенсиясы да эки эсе көп болот (!) дегенди билдирет. Өзүңүздөр билесиздер, мугалимдер, медиктер пенсияга 4 миң сомдун тегерегинде чыкса, укук коргоо органдарынын кызматкерлери эң аз дегенде 10 сом менен чыгат. Мындай теңсиздик бара-бара чыңалууну, атүгүл социалдык жарылууну алып келиши мүмкүн. 

-- Бирок, укук коргоо органдарынын иши кооптуу экенин, алар такай тобокел үстүндө жүрөрүн да эске алуу керек го?

-- Мен аны түшүнөм. Бирок, Конституцияда “баардык жарандар бирдей укукка ээ” деп жазылган. Укук коргоо органдарынын иши кооптуу дегенде мугалим менен врачтын иши деле оңой эмес да. Ага да баа бериш керек. 

-- Өткөн жумада Баткендин медиктери иш ташташты. Анын себептерин иликтеп көрдүңүзбү?

-- Албетте. Элди бекер дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн ФОМСтан бөлүнгөн 17 млн. сом анчанын 7 миллиону эле өздөштүрүлүп, 10 миллиону калып калган. Кээ бир врачтардын жеке кызыкчылыгынан (мисалы, дарыларды өз аптекасы аркылуу сатуу) улам ушундай болгон. Бирок, нааразычылык негизинен жетекчиликтин ишиндеги кемчиликтерден улам чыккан. 


Керим МУРАС

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер