Апамдын бул кылганы менин келечегиме аябай чоң зыян алып келди, али унуталбайм...

Сиңдим экөөбүз чогуу жатат элек. Анда мен беште, сиңдим төрт жашта болсо керек. Күн аябай ысык болгон үчүн экөөбүз кийимдерибизди чечип койгонбуз. Бирок, ич кийимчен жана майкабыз бар болчу. Эртең менен ойгонуп, ордубуздан турбай эле сиңдим экөөбүз бири-бирибизди кучактап сүйлөшүп жаттык. Аябай ынтымактуу жүрчү элек. Бир убакта апам бөлмөгө кирип эле экөөбүздү катуу ура баштады, “эмнеге кучакташып уят иштерди кылып жатасыңар?!” деп. Апамдын андай ою акылга сыйбаган иш болчу. Себеби биз ал убакта телевизор, телефон көрбөйт элек. Аябай катуу уруп салды, биз түшүнбөй эле ыйлап жаттык.
Мен кичинемден эле «эч качан балдарымды апам мага берген тарбия менен тарбиялабайм» дечүмүн. Апамдын бул кылганы менин келечегиме аябай чоң зыян алып келди. Сиңдимдин эсинде жок. Ошол убактан бери сиңдимди кучактап, өөп, жакшы көрөрүмдү айта албайм. Сиңдиме эле эмес бардык адамдарга ошондой мамиле кылам. Адамдар мени корс, мээрими жок деп эсептейт. Ичимден аларды аябай жакшы көрүп турсам дагы, айткым келсе дагы айталбайм. Азыр сиңдим төртүнчү курста окуйт. Мага эркелеп, кучактаса акырын түртүп коём. Жакшы көрөрүн айтса, жооп бербейм. Апам «кичинекей кезиңде аябай карап, “сиңдим” деп жүргөнсүң, чоңойгондо эле башкача болуп кеттиң» дейт.
Бул окуяга 20 жыл болсо дагы эсимден кетпейт. Эстеген сайын көзүмө жаш алам. Менин ушундай болушума апамды күнөөлүү деп ойлойм. Бирок, “апа” деп, апама да жакшы мамиле кылам. Кантип бул чоң таарынычты жеңсем болот?