Акыркы кабарлар
» Коом » Ашкере динчил адамдардын сакалдарын күчтөп алдыртты
Ашкере динчил адамдардын сакалдарын күчтөп алдыртты
09-июнь, 19:19

Өзбекстандын чыгышындагы Ангрен шаарында полиция ондогон динчил эркектердин сакалын күчтөп алдыртты. Бул көрүнүш эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын сынына көп жылдан бери кабылып келет.
Шаардын тургундарынын бири “Азаттыктын” өзбек кызматына аны жана башка ондогон эркекти полицияга чакырып, сакалын алууга мажбурлашканын 8-июнда айтып берген.
“Эгер баш тартсак, күч менен өзүлөрү кырып саларын эскертишти. Сакалыбызды алгыча жана алгандан кийин сүрөткө тартып алышты” деди ал. Ангрен шаардык полициядан бул тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Соңку жылдары полиция 32 миллион калкы бар Өзбекстанда эркектердин узун сакалдарын күчтөп алдыртууну ислам радикализмине каршы күрөшүү аракети катары түшүндүрүп келет.