Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илим тыянактарын ишке киргизели

Илим тыянактарын ишке киргизели

13-март, 19:49
723 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдакы өлкө жетекчилерибиз алдым-жуттумга жеткиликтүү маани беришпей кызматтык жоопкерчилигин төмөндөтүшкөндүктөн, кол алдындагы кызматкерлер дагы мындай учурдан пайдаланып жемкорлукка азгырылып, элдин кызыкчылыгына, мамлекеттин келечегине кайдыгер мамиле кылышкан деп айтууга болот. Мындай көрүнүштөр чындыгында эле эң төмөнкү баскычтагы мамлекеттик кызматкерлердин деңгээлине чейин түшкөндүгү анык.

Учурда өлкө башчыбыз Садыр Жапаров, өзгөчө УКМК төрөгасы Камчыбек Ташиевдин жемкорлукка каршы аткарып жаткан иш-аракеттерине карапайым калк ыраазы болуп, кубаттоодо. Адамдын ойлору канчалык таза болсо, анын жөндөмдүүлүгү дагы ошончолук күчтүү болгондуктан, жетекчилерибиз жалпы элибизге, өзгөчө укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бардыгына таасирдүү үлгү көрсөтүүдө. Кудай буюрса, алардын чынчылдыгы, мамлекеттик ишке берилгендиги, чечкиндүүлүгү жалпы кызматкерлерге түрткү берип, алар дагы иштеринин натыйжалуулугун жогорулатат деген ишеним күчтүү. Илимдин тили менен айтканда, жетекчилерибиздин жаратман ой-пикирлери, максаттары энергиянын формасы катары эч кандай жоголуп кетпегендиктен, ал материалдашып, элибиздин жандүйнөсүнө келип орношот да, бизге жагымдуу гана нерселерди алып келген реалдуулукка айланат.

Окмуштуулар белгилүү бир сандагы адамдардын тобунун бириккен ой- тилектери, максаттары аларды курчап турган элге тийгизген таасиринин эффективдүүлүгүн изилдеп чыгышкан. Ага ылайык жалпы элдин санынын бир эле пайызынын квадраттык тамырына барабар келген жарандардын бир максаттуу тобу ошол элдин бардыгынын аң-сезимин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жөндөмдүү деген тыянакка келишкен. Мындай мүмкүнчүлүк ошол элдин өзү дагы ага аракет кылбаган учурда да аткарылары белгиленет.

Кыргызстанда 6 млн. эл болсо, анын 1 пайызы – 60 миң, ал эми анын квадраттык тамыры 2450 адамды түзөт. Бизде мамлекеттен каржыланган кызматкерлердин саны мындан алда канча көп. Эгер мамкызмат дирекциясы – мамлекеттик  кызматкерлердин адамдык сапатынын бийиктигин аныктоочу борбору (бул идея ойдон чыкпай койду) болуп кайрадан түзүлүп, мамкызматтын бардык баскычтарында адамдык сапаты бийик жарандар эмгектене башташса, анда “окшоштукка тартылуу” мыйзамынын негизинде, алардын айланасындагылардын бардыгы өзүндөй деңгээлдеги адамдарга айлана баштайт, б.а. тикелей таасир берип тарбиялоочу булак болуп калмакчы. Ошол себептен, чечкиндүү кадам шилтеп, мамкызмат орундарына кадр тандоо критерийлерине талапкер кызматчынын адамдык сапатынын бийиктигин кошуп киргизүү зарылчылыгы бар деп эсептейм. Бул критерийдин киргизилишинен мамлекетибиз утуш гана алат, эч кандай зыян тартпайт, ал эми анын маани-мазмунун, талаптарын иштеп чыгуу кыйынчылык деле жаратпайт. Көз караш боюнча партияларга бөлүнүүлөр кези келгенде баары бир жоюлат, кыргыз эли биринчилерден болуп бул этаптан чыкса деген эле ой.

Илимде аныкталгандай адам табиятынын термелүү (вибрация) кубулушу боюнча, анын уктап жаткан учурдагы термелүүсү Жер планетасыныкына  барабар келип, 7-8 герцти түзгөн, анан ал ойгонуп жаман иштерди жасай баштаса (урушса, ууру кылса ж.б.) термелүүсү нөлгө чейин төмөндөгөн, ал эми жакшы иштерди аткарса (акысыз жардам, башкадан ыраазычылык алуу ж.б.у.с.) термелүүсү 150-170 герцке чейин жогорулаганы белгиленет. Жашоо турмушта далилденгендей, жакшы иш аткаргандардын ар дайым ден соолугу таза болуп, узак өмүр сүрүшкөн, эл менен болгон мамилеси бардык учурда жагымдуу маанайда болуп, курчап турган адамдардын бардыгына оң таасир берип, жашоолорун жакшыртууга чоң түрткү берген. Негизи эле пейили таза, акыйкаттуу, өзгөлөргө мээримдүү, колунан келген жардамын аябаган, уруш-талашка такыр аралашпаган адамдар көзгө көрүнбөгөн жогорку энергетикалык материянын жарык сыяктуу тобун бөлүп  чыгарарын, ал ак энергия мамыча түрүндө адамдын сапатынын бийиктигине жараша асман мейкиндигине көтөрүлөрүн окмуштуулар аныкташкан. Аны аба мейкиндигинде көзгө көрүнбөй учуп жүргөн (оң, терс) күчтөр оюбузду көрүп-билип, маани-мазмунуна жараша денебизге кирип жайгашып, жашообузда кездешип жүргөндөй  “периште колдоду” же “шайтан азгырды” сыяктуу окуяларды жаратууга себепкер болору ишенимдүү айтылат.

Күндөлүк жашоодо жетекчи өзүнүн  иш тажрыйбасынын, акыл-эси, билиминин деңгээлине жараша эл алдында кеңешмелерде сөз сүйлөп, чогулуштарды алып барат. Эгер ал учурда кайсы бир кызматкерди кемчиликтери үчүн жемеге алып, кагып-силкип урушса, биринчи кезекте анын өзүнүн термелүүсү төмөн түшөт, анысы аз келгенсип катышып отургандардын баарынын аурасына таасир берет, термелүүлөрү кескин төмөндөйт. Алардын өсүп-өнүгүү, алдыга умтулуу, келечекте ийгиликке жетүү боюнча жакшы ойлору да качып төмөндөп, нөлгө түшөт жана булардын баары максаттардын аткарылышына тоскоолдук жаратат. Ошол себептен жетекчинин кол алдындагы кызматкерлер менен иш алып баруу ыкмаларын жогорулатып, илимге шайкеш келтирүү зарылчылыгы бар.

Мамлекеттик кызмат орундарынын бардык категорияларына дайындоолор конкурстук тандоонун эрежелерин так сактоонун негизинде жана кызматчынын адамдык сапатынын бийиктигин тастыктоо боюнча атайы комиссиянын   сынагынан өткөндүгү тууралуу сертификаты бар кадрлар гана ээ боло алышса туура болмок.


К.Сыдыков, мамкызматтын ардагери, Кемин району  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер