Ошто коронавируска чылдыккан келин курсактагы баласы менен чогуу каза тапты

Ош облустар аралык ооруканасында коронавирус илдетинен улам кош бойлуу келин көз жумду. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 6 айлык кош бойлуу болгон. Курсактагы бала өнүгүүсүн токтоткон. Жасалма төрөттөн кийин келиндин бөйрөгү иштебей, абалы начарлап кеткен. 18-июлда ал Ош облустук төрөт үйүнө жаткырылып, 19-июлда Ош бириккен аймактар аралык ооруканасына которулган.
Маалымат ооруканадан тастыкталды. Алардын айтымында, келин кош бойлуу кезинде коронавирус илдетине кабылган.
«19-июль күнү Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагынын 1997-жылы туулган тургуну Т. кызы Г. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына келип түшкөн. Ал оор абалда реаниматологдордун коштоосунда которулган. Ага чейин Т. кызы Г. Ош облустук төрөт үйүнө Баткен облусундагы Кадамжай районунан келип жаткан. 11-июлда келин ичи ооруп, кан аралаш суюктук менен Кадамжай аймактык ооруканасына келген. Алгачкы медициналык кароодон өткөргөн учурда 26-27 апталык боюнда бар экени аныкталган. УЗИден өткөргөндө боюндагы түйүлдүк өрчүбөй калганы белгилүү болгон. Бала курсагында өспөй, чарчап калган.
Ага геморрагиялык шок (бул дененин курч кан жоготуусу менен байланышкан критикалык абалы, макро жана микроциркуляция кризиси, көптөгөн органдардын синдрому жана полисистемалык жетишсиздик) жана төрөттөн кийин бөйрөктөрдүн иштен чыгышы деген диагноз коюлган.
Бейтапка экинчи жолу операция жасалган. Бир нече күндөн кийин жатынды алууга туура келди. Бейтаптын бөйрөктөрү да иштешин токтоткон. Буга чейин ал гемодиализ алып жүргөн экен.