Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Касым-Жомарт Токаев туулган күнүн кандай белгилейт?

Касым-Жомарт Токаев туулган күнүн кандай белгилейт?

17-май, 17:56
512 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

17-май Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин туулган күнү. Анын пресс-катчысы Берик Уали бул күн президент үчүн кандай өтөрүн айтып берди.  

“Бир катар ЖМКнын өкүлдөрү Касым-Жомарт Токаевдин туулган күнүн кандай белгилей тургандыгы жөнүндө айтып берүүнү суранып жатышат. Былтыр биз бул боюнча түшүндүрмө бергенбиз. Дагы бир жолу эсиңиздерге салып кетейин, ушул жылдын 17-майы иш күнүнө туура келет. Ошондуктан, президент Касым-Жомарт Кемелевич өзүнүн иш графиги боюнча иштейт.

Бул датага байланыштуу эч кандай иш-чаралар болбойт. Жадагалса администрациянын кызматкерлеринен куттуктоодон алыс болуу суралды. Мамлекет башчысы үчүн бул кадимки жумушчу күн, анткени, анын үй-бүлөсүндө балдардын да, ата-энелердин да туулган күнүн белгилөө салтка айланган эмес деп түшүндүрдү басма сөз катчысы.

Берик Уали буга чейин коңшу мамлекеттердин башчыларынан жана эл аралык уюмдардан көптөгөн телефон чалуулар, куттуктоо телеграммалары келип жаткандыгын айтты. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер