Акыркы кабарлар
» Коом » Айгүл Жапарова: "Аял үйдө бактылуу болсо, балдар да бактылуу болот"
Айгүл Жапарова: "Аял үйдө бактылуу болсо, балдар да бактылуу болот"
22-август, 15:48


Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги" аттуу форумда биринчи айым Айгүл Жапарова сөз сүйлөп, аялдардын үй-бүлөдөгү, коомдогу ролу жөнүндө пикирин билдирди.
"Айымдар ар дайым позитив менен жашашыбыз керек. “Баары жакшы болот” деген ишеним баарынан өйдө болушу зарыл. Анткени биз аялбыз. Аял үйдө бактылуу болсо, балдар дагы бактылуу болот деп ишенем.
Бизде, Кыргызстанда көп көйгөйлөр бар. Бирок алардын баарынын чечүү жолдору болушу керек. Аны табышыбыз зарыл. Кыргызстан аялдары жөнүндө айтсак сөз көп" деди Жапарова.
Ошондой эле ал көрүнүктүү мамлекеттик саясый, коомдук ишмер Батыш Салиева тууралуу кеп кылды.










