Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Изденүүнүн түйшүктүү, татаал жолдору

Изденүүнүн түйшүктүү, татаал жолдору

04-февраль, 19:13
811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн санда)

Автордун ушул күрөшчүл турмуштук философиясы, бекем принциптери, бунтарлык духу анын чыгармаларынын квинтэссенциясын түзөт. Б.Усубалиев кыргыз прозасына эч кимге окшобогон жаңы мүнөздөрдү, ыймандык курч конфликттерди алып келди. Ыйман, адеп-ахлак маселесин козгогон “Түркүк” аңгемелер жыйнагын анын бүткүл чыгармачылыгынын манифести катары кабыл алсак болот. Ал эч кимге окшобогон өзүнүн стилин тапты, диалог куруунун чоң чеберине айланды. “Түтүн”, “Көз”, “Түн”, “Аска” жыйнактарында чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн, өзүнүн акыйкатын талашкан, рухий саламаттыгы чың, өзгөчө каармандардын жаркын образдарынын галереясын түзүп, өзүнүн көркөм дүйнөсүн жаратты. Жазуучунун аңгемелериндеги, повесттериндеги чыгармачылык изденүүлөрү жана табылгалары жөнүндө илим докторлору С.Байгазиев, Ж.Бөкөшев, С.Өмүралиева, Н.Нарынбаева жана У.Ботобеков, Ж.Келдибекова, Ризван Исмаилова сыяктуу адабиятчылар олуттуу эмгектерин жарыялашкан. Келечекте дагы изилденип, анын көп сайлуу чыгармачылыгынын улам жаңы кырлары ачыла берери шексиз. 

Бейшебай Усубалиев кыргыз адабиятында К.Тыныстанов, А.Токомбаев, М.Элебаев, Т.Сыдыкбековдон бери келаткан жазуучулук сынды колго алып, салттарын улап, жигердүү өнүктүрүп келатат. Анын А.Осмонов, С.Эралиев, Ө.Даникеев, К.Жусупов, М.Байжиев, М.Гапаров, С.Жигитов, Г.Момунова, Э.Ибраев, А.Жакшылыков, Ш.Дүйшеев, С.Байгазиев, А.Токтомушев сыяктуу акын-жазуучулар жөнүндө жазган макалаларынан жана жеке турмушу, өмүр жолу, чыгармачылыктын психологиясы тууралуу журналисттерге берген маектеринен сергек табити, теориялык даярдыгынын шайма-шайлыгы, полемикалык дүрмөтү, адабий процесстеги көркөм кубулуштарга көз сала билгени, айрым учурларда субъективизмге алдырып жибергени да ачык байкалып турат. Жаңылбасам, анын адабият жөнүндө алгачкы макалаларынын бири “Мени адамдыгымдан ажыратпагыла” (“КМ” 29.12.1983) деп аталат. Макала өзүнүн духу, стили боюнча жогорудагы ыйман, адеп-ахлак маселелерин козгогон публицистикалык макалаларына жакын. Автор Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” драмасындагы, М.Гапаровдун “Байчечек” (“аңгеме 1980-жылы жазылган” деген туура эмес маалыматтар ар кайсы булактарда жүрөт, тактоо иретинде айтып коёлу: “Байчечек” аңгемеси 1975-жылы “Ала-Тоо” журналынын 11-санына жарыяланган) аңгемесиндеги ыймандык проблемалар тууралуу ой жүгүртөт. Б.Усубалиев аңгеменин мазмунун сыпаттап келип, Кыяздын образын талдап, “... көрсө, биздин Кыязыбыз элеттик психологиядан айрылып гана тим болбоптур, ал мындан кол жуу аркылуу дагы бир ооруга, кайдыгерликке чалдыгыптыр” деп тыянак чыгарып, объективдүү карап, каарманды таамай мүнөздөп, туура, калыс баа берген. Бирок бир топ жыл өткөн соң Бейшебай Усубалиев журналист Базарбай Гапаров менен курган маегинде ал пикирин түп-тамырынан бери өзгөртүп, “кыргыз адабиятында маңкурт темасын биринчи көтөрүп чыккан ушул Мурза байке болчу” (23.02.2015. super.kg) деп айтып чыкты. Анысын бир жолу айтып тим болбой, кийинки жазган “Байчечек соолуп калдыбы?..” деп аталган жазуучу М.Гапаровду эскерүүсүндө “Адам жашоосунун өзөк маңызын түзгөн ушул суроону кыргыз адабият айдыңында биринчи болуп Мурза Гапаров койгон эле. Ооба, байчечек деген бир айыпсыз бечара гүл аркылуу койгон болчу. Кийин ага Айтматов ат таап берген. Маңкурт деген” (“Сулуулуктан улуулукка”, Б., 2016,50-б.) деп жазып, маңкурт маселесинде М.Гапаровдун “биринчилигин” кайра дагы бир жолу баса белгилеген. Б.Усубалиев маңкурт жөнүндө аңызды Айтматов жазбай эле, Гапаров жазгандай айтып жатканы талашка жем таштайт. 

Албетте, ар бир эле адамдын, өзгөчө жазуучунун, илимпоздун көз карашында, ишениминде өзгөрүүлөр болору табигый көрүнүш деңизчи, бирок мындай метаморфозалар өтө сейрек кездешет. Ушундан улам Б.Усубалиев М.Гапаров менен Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын салыштырууда “Айтматов таануучуларды мен сергектикке чакырар элем” деп аларга “көзүңөрдү чоң ачкыла, Гапаровду көрмөксөн болуп жатасыңар, көп нерсеге силердин түшүнүгүңөр жетпей жатат” дегендей эле ишарат кылып, атайын кайрылганы жөн жерден эмес экен. Эми белгилүү жазуучу жана көрүнүктүү илимпоз, филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Бейшебай Усубалиевдин расмий кайрылуусуна, атайын чакырыгына Айтматов таануучулар өздөрүнүн “чарбасына” тийешелүү маселе коюлуп жаткандан кийин “компетенттүү жооп беришет болуш керек” деп коомчулук көптөн бери чыдамсыздык күтүп жатса керек... Биз болсо катардагы бир окурман катары маңкурт темасына байланыштуу учкай ой бөлүшкүбүз келип турат. Казак жазуучусу А.Кекилбаевдин “Күү” (“Жулдыз” адабий журналынын 1967-жылдагы №12 санына чыккан) аттуу повести бар, ал орус тилинде “Баллада забытых лет” деген ат менен жарыяланган. 1980-жылы “Кылым карытар бир күн” жарык көргөндөн кийин айрым казак адабиятчылары “А.Кекилбаев маңкуртту жазып койгон” деп чыгышты. А.Кекилбаев качан эле 1967-жылы жазып койсо, казак сынчылары эмнеге дүңгүрөтүп алып чыкпай, 80-жылдарга чейин “уктап” жатышкан? Себеби “Күү” повестинде маңкурттун образы да, проблемасы да жок. Повестте өткөн кылымдарда Мангыстауда кошуна жашаган казак, түркмөн элдеринин адай, йомуд урууларынын ортосундагы касташуу, араздашуу, өч алуу, кун куу сыяктуу феодалдык коомдун курч көйгөлөрү, арыбас арманы уруу башчылары жана баатырлары Жөнеут менен Дүйүмкара ошондой эле домбрачынын образдары аркылуу берилген. Болгону чачын алып, ботонун терисин башына каптоо түркмөндөргө туткунга түшкөн казак жигиттерин кыйноонун бир аспабы катары сыпатталат. Ошентип, “Күү” повестинин өзөк идеясы, образдары да маңкуртка кайнаса каны кошулбайт. Ага карабастан, “Айтматов Кекилбаевди кайталаган” деген субъективдүү, жүйөсүз пикирлер анда-санда айтыла калып жүрөт. Ушундай негизи жок дооматтарга академик А.Акматалиев “Тема манкуртизма в произведениях писателей Центральной Азии” аттуу эмгегинде ишенимдүү аргументтер менен далилдүү жооп берген экен (https:www.auk.gov tr, uploads). 

Ал-ал болду дейли, эми өзүбүздүн белгилүү жазуучубуз, адабий чыгармаларга терең лингвистикалык талдоо жүргүзгөн эмгектери менен окурман журтуна чыгаан тилчи-илимпоз катары таанылып, шоораты алыска кеткен Бейшебай Усубалиев “Кыргыз адабиятында маңкурт темасын биринчи көтөрүп чыккан ушул Мурза байке болчу” деп “Кылым карытар бир күн” романынын идеялык маңызын түзгөн Эне-Бейит аңызы жөнүндө академиктер А.Акматалиев менен О.Ибраимов жана адабиятчы-философ К.Ибраимовдун омоктуу изилдөөлөрүнө көңүл буруп, эске алганды мындай коюңуз, адабият илиминин бул шааларын бучкагына теңебей, алардын концепцияларын жокко чыгарып, батылдык менен ишенимдүү айтып, баса белгилеп, “жөөлөп” жатат. Мени таңгалдырганы, атактуу аалымыбыз анализ, синтез, салыштыруу, гипотеза деген категорияларды колдонбой, чыгармага илимий мамиле жасабай, талдабай, кабыргасынан койгон маселесин чечпей, башын ачпай, аныгына жетпей туруп эле “Байчечек” аңгемесиндеги маңкурт темасы ийне-жибине чейин изилденген, талашсыз аксиома сыяктуу карап, так кесе айтып, бүтүм чыгарып салганы болду. Ал муну кайсы булакка таянып, эмненин негизинде терең ишеним менен айтып, ушундай жыйынтыкка келип жатат? Кайчы пикирлерди жараткан аңгеменин өзүнө келе турган болсок: Кыяз Ноокатта төрөлүп, чоңоюп, мектепти бүтүп, шаарга келип, ЖОЖдо окуп, КПСС тарыхы, диамат, исмат предметтерин жаттап, күрөшкө шыктандырган коммунисттик идеологиянын таасиринде көз карашы калыптанып, стандарттуу ой жүгүрткөн, ошол 60-70-жылдардагы курбалдаш, замандаштарындай эле метрополиянын маданияты, орус тили кеңири канатын жайган Фрунзеде квартирадан квартирага көчүп-конуп жүргөн интеллигент-маргинал. Ал биротоло шаардык болуп кете элек, орус маданиятын өзүнө толук сиңире албаган, калаанын жашоо ыңгайына жедеп көнбөгөн, ошол эле учурда элеттен социалдык, этникалык, маданий байланыштарын үзүп бараткан адам. Чын-чынына келгенде метрополиянын шаары жана эндекей элет – бул бири-бирине коошпогон эки башка цивилизациянын көрүнүштөрү. М.Гапаров ошол эки маданияттын ортосунда арабөк калган маргинал кишинин образын түзүп жатат. Жазуучу шаардын сырткы белгилерин, аэропорт, самолёттордун күрүлдөп учканы аркылуу жеткиргенге аракет кылган. Аңгеменин каарманы эгер саресеп шаардык, же Б.Усубалиев айткандай жетесиз “маңкурт” болсо, “таенем сыркоолосо сыркоолоп турар” деп бир эмес он жолу коңгуроо чалса да өзүнүн күйүп жаткан иштерин таштап (авторефератын тапшыруу керек, көп жылдык эмгегинин үзүрү болгон диссертациясын коргогону турат), кыштакка бармак эмес. Анын айылдын каада-салттарын кармана албаганы, бармактайынан баккан, жанындай көргөн таенесинен ажыраса да көзүнөн жаш чыкпаганы кадыресе эле көрүнүш, анткени, маргинал кишиде элеттиктердей жамандыкка чын дилинен кейиген, жакшылыкка маңдайы жарыла кубанган табигый сезимдер, эмоционалдык абал болбойт, ал баардыгын кургак акыл менен гана кабыл алат. Кыяз кантсе да “адамдыгынан” (Б.Усубалиев) ажырай элек, ошон үчүн буркурап ыйлап жаткан баладан бир кездеги өзүн көрүп, өзүн өзү ичинен жеп, жандүйнөсүндө алай-дүлөй “бороон” болуп жатат да. Каармандын психологиясындагы экзистенциялык дал ушул абалын жазуучу таамай кармаган. Андан ары жагын дагы тереңирээк карай турган болсок, каармандын жатыркоосу, обочолонуусунан Альбер Камюнун “Посторонний” повестинин экзистенциализминин таасири ачык эле сезилип турат. Бул чыгармада Мерсо энеси акка моюн сунганда да көзүнөн жаш чыкпайт эмеспи. Каармандын соолуган руху, адамдарга, дүйнөгө карата кош көңүл мамилеси, дегеле абсурд идеясы М.Гапаровдун аңгемесине жарыгын тийгизген. Ушуну туура байкаган академик О.Ибраимов М.Гапаров тууралуу “...он прекрасно понимал, хорошо знал психоаналитическую теорию и западную литературу первой половины ХХ века...” (О.Ибраимов “История киргизской литературы ХХ века” Б., 2014, стр.439) деп жазып, туура белгилеген. Адабиятчы Р.Эшматов “Ата журттун сокмо жолдору менен...” деген эмгегинде М.Гапаровдун чыгармачылыгына А.Чехов, И.Бунин, Ю.Казаков, айрыкча Эрнест Хемингуэйдин тийгизген таасирин камырдан кыл сууругандай чеберчилик менен талдап, аныктап берсе (“Шоокум” журналы, 2006, №3-4), филология илимдеринин кандидаты Г.Станалиева “Мурза Гапаровдон Кавабатага...” аттуу макаласында япон жазуучусу Ясунари Кавабатанын таасирин байкаган (“Жаңы Ала-Тоо” 2019, №5). Демек, М.Гапаровдун чыгармалары тууралуу сөз кылганыбызда сырткы адабий таасирлер жана классиктердин көркөм дүйнөсүн, образдарын өздөштүрүү маселеси да эске алынышы мыйзамченемдүү көрүнүш. Кыязга келе турган болсок, ата-энеси, ага-инилери, эже-карындаштары, алтургай кабырга туугандары менен мамилесин үзбөгөн, кыргыздын жыты да жок метрополиянын калаасынан айылына жылына каттаган, илимдин артынан жүрүп, кеч үйлөнүп, турмуштан ордун таап, коомдо өзүнчө макамды ээлеп, бүгүн-эртең илимдин доктору болом деп белсенип турган, өлкөнүн өнүгүүсүнө аздыр-көптүр салымын кошуп жаткан кишини “маңкурт” дегенге кантип оозубуз барат? Аңгемеде байчечек өмүр-өлүмдүн символу – ал Кыязды эсине келтирип, эркелетип чоңойткон, үзүлгөнчө күткөн таенесинин дүйнө салганын ачуу чындык катары мойнуна алдыртып, сезимин ойготуп, көзүнө жаш тегеретти, өксүтүп ыйлатты, аягында бул “кандай айбанчылык” деп өзүн-өзү жерип, жасаган кылыгынан жийиркенди. Кыяз – метрополиянын шаар цивилизациясына жутулуп, элеттен алыстап, элдик каада-салттарды унутуп бараткан маргиналдын образы. Анын көз жашы – таенесин жоготуунун, элге өгөй болуп бараткан жатыркоонун, обочолонуунун, өзүн өзү жек көрүүнүн, көкүрөгүндө өчүп бараткан ыйман-ынсаптын, абийирдин күйүтү, ички драмасы, ар-намысынын ойгонушу. Адабиятчылар А.Муратов менен Б.Шамшиев аңгемени ушул ыңгайда талдап, пикирлерин айтышкан (“Азаттык үналгысы” 11.09.2017), анан калса, М.Гапаровдун бул маргинал каарманында А.Камюнун абсурд идеясын алып жүргөн Мерсонун жатыркоо, обочолонуу сыяктуу айрым сырткы белгилери да бар. Бирок, Кыязга “маңкурт” деп мүнөздөмө берүү – ага коошпогон жаңылыш кеп. 

Дүйнө жүзүнө тарап, кабыл алынып кеткен “маңкурт” сөзүнүн орус тилинде чечмеленишин карап көрөлү: “Манкурт – это человек который после мощного внешнего воздействия на свою психику забыл о своём прошлом и о прошлом своих предков, став одновременно покорным рабом своего хозяина” (И.Милославский “Великий, могучий русский язык” – “Наука и жизнь” 2009, №7, стр.89). Демек, маңкурт тарыхый эсин жоготкон, аң-сезиминен ажыраган, руханий дөөлөттөрдөн куржалак калган, багытынан адашып, каңгыган, элинен, тамырынан кол үзгөн, өткөнү да, бүгүнкүсү да, келечеги да жок, өзүндө өзү жок бир макулук. Ал эми Эне-Бейит легендасы жалпылаштырып айтканда, өткөндү, азыркы учурду жана келечекти камтыган тарыхый-философиялык парадигма. Романдагы бул аңыздын тарыхый, элдик негизи бар. Байыркы замандарда Жужандар (романдын түп нускасында “жуаньжуаны”, кыргызча котормосунда “жуңжаңдар” деп берилген) каганаты кыргыз жерин басып алып, элин Ала-Тоодон Алтайга күчкө салып, зордук-зомбулук менен көчүргөн (Бул тууралуу караңыз: Ю.С.Худяков “Сабля Багира” М.,2003, стр.50), ошол жуңжаңдар романда туткунга түшкөн Жоломанды кудайга үнүн угузуп, кыйнап маңкурт кылып жатат. Ал эми “Манаста” “Баланы кармап алалы, башына шири салалы” деген саптар душман Манасты бармактай кезинде жок кылуу максатын көздөгөнүн, чоң-кичинеге карабай аёосуз жазалай турганын көрсөтүп, эпикалык доордо, жоокерчилик заманда душманга колго түшкөн туткунду азапка салып, жанын көзүнө көрсөтүп кыйноо, дегеле кулдун атам замандан берки шордуу, оор тагдыры, калыптанып калган образынын көчмөндөрдө миң жылдардан бери кайталанып келаткан модели коллективдүү бейаңда архетип катары сакталып калганынан кабар берип турат. Демек, Чыңгыз Айтматов Абиш Кекилбаевдин, Мурза Гапаровдун үч уктаса түшүнө кирбеген, тогуз толгонсо оюна келбеген тарыхый негиздерге, руханий дөөлөттөргө, элдик улуу эпоско таянып, философиялык маани-маңызы бар, көп катмарлардан турган өзүнө гана таандык, кайталангыс, метафоралуу миф жараткан. Эне-Бейит аңызы аркылуу социалдык, саясый жана маданий реалийлердин контекстинде ааламдашуу доорунун, технологиялык замандын символ-моделин түзгөн. “Эне-Бейит аңызынан агып чыккан маңкурт туурасындагы уламыш болсо чыгарманын концептуалдык чордону... Адегенде аңызда айтылган маңкурттун башындагы шири кийин Эне-Бейитти курчаган зым тор шириге, андан соң адамзаттын өткөнүн унуттуруп, келечек эскерүүлөрүнөн айрыш үчүн жер шарын курчаган ракеталык-космостук шириге айланат” (К.Ибраимов “Ч.Айтматовдун апокалиптикасы” 11.12.2020. АКИpress) деп адабиятчы, философ Калык Ибраимов жазгандай, маңкурт тууралуу легенда – жалпы адамзаттык маанидеги метафора-концепция. 

Бейшебай Усубалиев көп жактуу чыгармачылыгынын узак жолунда далай белестерди, көз кайкыган бийик ашууларды ашты, жазуучулук, окумуштуулук тагдыр күттү. Талыкпаган изденүүлөрүндө жаңылыктарга бай олжолор, табылгалар, жоготуулар, адашуулар да болду... Эң негизгиси, адабияттагы, илимдеги чыгармачылык сапарында тыным албай, ар дайым чындыкты көздөгөн түйшүктүү, татаал изденүүлөрүндө бекем принциптеринен тайбай, жаңы бийиктиктерге, жаңы концепцияларга умтулуп келатат. 


Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер