Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков: “Кой-Таш окуясына Атамбаевдин күнөөсү жок. Анда кимдер?..”

Равшан Жээнбеков: “Кой-Таш окуясына Атамбаевдин күнөөсү жок. Анда кимдер?..”

16-январь, 13:42
1 577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Равшан мырза, Кой-Таштагы соттук процесс кандай уланууда? Жыйынтыгы, акыры кандай болчудай?

-- Кой-Таш окуясы боюнча сот уланып жатат. Мурдагыдан айырмасы – жаңы бийлик келгенден бери бир аз сот адилеттүүлүгү пайда болду. Процесс ачык өтө баштады. Бул менин оюмча жакшы жылыш, ийгилик. Анткени, сот ачык өтө турган болсо, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү кимдин чыныгы күнөөсү бар, кимдики жок экенин так көрө алышат. Эми сот кайрадан уланат. Бир жумада үч жолу болот. Баардык адамдар келишип, ачык көрүшүп, катышып жатышат. Бул көпкө чейин узара турган аябагандай маанилүү, тарыхый, саясый сот процесси. 

-- Ал жердеги негизги күнөөлүүлөр кимдер? Аттарын атап, кең-кесири айтып бере аласызбы?

-- Кой-Таш окуясында күнөөлүү катары камалгандардын, суралгандардын дээрлик баардыгынын эч кандай күнөөсү жок. Баардыгына Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү... Орозбек Опумбаевдин, Кашкар Жунушалиевдин, Өткүрбек Жамшитовдун саясый заказдары менен өч алуу катарында эптеп ошол убактагы окуяга бизди күнөөлүү катары камашкан. Ошондуктан азыр жоопкерчиликти биз тартып жатабыз. Аныгында, чыныгы күнөөлүүлөр чагымчылык жасашкан. Тынч жаткан, өзүнүн үйүндө эч жакка басып барбаган Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын күч колдонуу менен “ок атып кармап келгиле” деп атайын кызматкерлерди жиберишкен. Себеби, алар тынч жаткан адамдын үйүнө куралчан адамдарды жибербегенде, мындай окуялар болбойт болчу. А чыныгы күнөөлүүлөрдүн айрымдары азыр качып кетишти. Кээ бирлери үйлөрүндө отурушат. Алардын баарын биз сотко чакырууга жана жоопкерчиликке тартууга соттон дагы, укук коргоо органдарынан да жакынкы күндөрү суранабыз. 

Дагы бир жолу белгилей кетейин. Кой-Таш окуясы боюнча чыныгы күнөөлүүлөр Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев, Өткүрбек Жамшитов жана президенттик аппараттын орун басары, күч органдарынын куратору Алмамбет Салиев болуп эсептелет. 

Алмазбек Атамбаевди, анын тарапташтарын жана мени күнөөлөгөндө бийликти басып алууга айыпташкан. Атамбаев үйүндө жатса, кантип бийликти басып алат? Эч жакка чыкпаса, өзүнүн жеке менчик үйүндө жатса, жөн эле камап коюшту да... Эгерде Атамбаев тарапташтарын ээрчитип, Акүйгө келгенде, ошондо гана бийликти басып алууга күнөөлөшсө болмок. Үйүндө жаткан адамга үстөмдүк көрсөтүп, чагымчылык жасоо – акылсыздык болуп эсептелет. Бул Сооронбай Жээнбековдун атайын жасаган операциясы болчу. Алар коркконунан Атамбаевден өч алуу үчүн таптакыр саясаттан жок кылууга өзөчө аракет жасашкан. Мен болсо оппозициялык пикиримди байма-бай билдирип, Сооронбай Жээнбековго иштей албастыгын айтып турганым үчүн эч негизсиз камалдым... 

-- Президенттикке талапкер катары чыктыңыз, эми шайлоонун жыйынтыгына кандай пикирдесиз?

-- Шайлоонун жыйынтыгын биз реалдуу түрдө кабыл алабыз. Эреже бузуулар, мыйзам сактабаган учурлар болду. Бирок Садыр Жапаровдун утканын биз таанышыбыз керек. Башкы талапкердин жеңиши даана көрүндү. Коомдун колдоосун тана албайбыз. Ошондуктан утулган талапкерлер жеңишке жеткен президентти таанышыбыз зарыл.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер