Кыргызга кыргыз гана душман, башкасынын кереги жок экени ачуу чындык...
Анткени ал азыр дагы акыл-эси токтоло элек тестиер, тентек баладай. Мисалы, ошолордун кай бири “Манастан Чубак кем бекен?” деген оозеки жомокту угуп алып, “эки тизгин бир чылбыр колума тийсе мен деле эл башкарып кете алам!” деп жулунуп жүргөнүн көрүп, аргасыздан жакаңды карманат экенсиң...
Ошолордун бири 1990-жылы Моссоветтин жана КГБнын колдоосу менен бийликке келип, ал бийлиги үчүн 1991-жылы “Кумтөр” кенин “Сиабеко” кампаниясына өткөрүп бергенин билебиз. Алар бул маселени 1989-жылы эле Москвада КГБ-“Моссаддын” кош агенти Б.Бирштейндин жана кыргыз өкмөтүнүн башчыларынын катышуусунда чечип алышкан.
Кийин союз урап, царь Борис Россиянын, атаман Кравчук Украинанын, воевода Шушкевич Беларустун, илимпоз Акаев Кыргызстандын президенттери болуп калышты. Ошол орус бийлик төбөлдөрүнүн түрткүсү менен бийликке жеткен демократ-демагог ажобуз кийин түбөлүк бийликте калуу максатында Ельцин досун чакырып алып, Ысык-Көлдүн жээгинде чардап жатышып, мактанып айтканы бар эле: “В знак уважения и признательности к Вам лично, уважаемый Борис Николаевич, я обязуюсь поставить Вам памятник в центре столицы и объявить русский язык официальным!” деп.
Кийин орус элинин башчылыгына келген кадимки кесипкөй сырткы чалгын офицери Владимир Путин мырзанын 2019-жылдын 13-майында Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп жаткан Бүткүл россиялык кеңешмеде айткан сөзү бар: “1991-1996 годы правления нашим государством были трагически преступными...” деп. Эмне себептен? Анткени, тарых барактары тастыктагандай, өткөн убакытка баа бербей туруп мамлекеттин азыркы жана эртеңки ишин алдыга алып кетүү мүмкүн эмес. Бул аксиома. Ошондой эле бааны кыргыз элинин чыгаан уулдары да 2020-жылдын октябрь айында Ала-Тоо аянтында ачык айтышты: “Өткөн өксүк 30 жыл ичинде сатынды саясый бийликтин кесепетинен улуу тагдыр тартуулаган бийик зоболобуздан айрылып калуу коркунучунда турабыз. Аны сактап калуу – биздин ыйык милдетибиз!” деп. Ал милдетти аткаруу, албетте, эрктүү, тектүү, таза жана бийик адамдардын гана колунан келери шексиз. Ошону унутпасак.
Мунун баарын мен бул жерде эмне үчүн айтып отурам? Анткени В.В.Путин мырза мунун баарын билет, түшүнөт. Анткени анын ата-теги Алтай жергесинде туулуп өскөн илгерки орустар. Алар кыргыздар ким экенин абдан жакшы билишет.
Ал эми расмий тилди атайын көтөрө чаап, кыргыз менен орусту атайын кайраштырууга далбас уруп жаткан, баягы эле АКШнын мамдепи тарабынан атайын даярдалган “TUS.kg” сайтынын артында көроокат менен алектенген нигилист-таз жорулар. Алардын кандуу “почеркин” биздин оштук туугандарыбыз абдан жакшы билишет. Ооба, ал окуя ошол кездеги Убактылуу бийликтин лидери, АКШнын мамдепи тарабынан “Каарман аял” сыйлыгына татыган РИО айымдын жетекчилиги астында ишке ашырылган каргашалуу “Ош-2010” трагедиясы. Ал каргашалуу окуя ар убакта ар бир кыргызстандык жарандын жүрөгүн өйүгөн, айыкпас карт жарага айланып калган.
Ошол окуя эми дагы кайталанбас үчүн мен урматтуу Тынчтыкбек Бешкемпиров мырзага (“Жаңы Ордо” №12, 28.04.2023-ж.) сураныч иретинде “ушундай кыйчалыш убакта улуу кыргыз элинин улуу тилин сактап калыш үчүн бир аз сабырдуулук кылып, кыргыз элибиздин басымдуу көпчүлүгү (79,20 %) добушун берип шайлаган президентибизге ишеним артып, Жогорку Кеңештин мекенчил басымдуу көпчүлүгү менен биргеликте иштешип, алдыда боло турган парламенттик жыйында камырдан кыл сууругандай “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили” мыйзамын тынчтык жолу менен үчүнчү окуудан өткөрүп алсак абдан туура болор эле” деген оюмду айтмакчымын.
Албетте, бул проблеманын төркүнү өткөн кылымдын 60-жылдарында жаралган фактор экени жалпы коомчулукка маалым. Ал убактагы тоталитардык режимге туруштук бере албаган, чабал союздук республикалардын арасында Молдова менен Кыргызстан артта калды. “Бөрк ал десе баш кескен” ашынган интернационалистердин кесепети ал убакта эч кимди аяган жок.
Белгилүү акын, публицист, сатирик Салижан Жигитов мырза айткандай, “20 жылдын ичинде кыргызга орусча айтпасаң түшүнбөй калды”. XX кылымдын гуманист жазуучусу Чыңгыз Айтматов өзүнүн “Кылым карыткан бир күн” романында (Чолпон-Ата, декабрь 1979, март 1980-жж.) энесин тааныбаган маңкурт жаралганын бүткүл дүйнөгө жар салды.
1986-жылдын октябрь айында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Ч.Т.Айтматовдун демилгеси жана ЮНЕСКОнун колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк “Ысык-Көл Форуму” өттү. Анын катышуучулары: америкалык драматург Артур Миллер, анын жубайы сүрөтчү Инга Миллер, англис жазуучусу, актёр, режиссер Питер Устинов, Рим клубунун президенти Александр Кинг, америкалык футуролог Олвин Тоффлер, анын жубайы философ Хейди Тоффлер, кубалык прозаик Лисандро Отеро, түрк жазуучусу Яшар Кемаль, испаниялык коомдук ишмер, адабиятчы Федерико Майор, ЮНЕСКОнун секретариатынын мүчөсү Аугусто Форти, француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон, эфиоп сүрөтчүсү Афеверк Текле, америкалык прозаик Джеймс Болдуин, Индиянын музыка жана драма академиясынын президенти Нараян Менон, түрк композитору Омер Ливанели, америкалык актёр Дэвид Болдуин.
20-октябрда КПСС Борбордук Комитетинин Генеральный секретары М.С.Горбачев аларды кабыл алып жатып, “сиздердин Советтер Союзуна, биздин жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго мейманчылап келишиңердин себебин билем. Мен да жаңыча ойлоону жактайм. Эгер бүгүнкү цивилизациядагы жетишсиздиктер жөнүндө айтсак, алар көп. Бирок, эң чоңу – бул жаңыча ойлоонун жетишсиздиги. Бул азыркы убакыттын эң бир олуттуу маселеси. Мен сиздерге абдан чоң ишеним артам жана ийгилик каалайм!”.
1987-жылдын 5-декабрында Бишкекте “Совет элинин маданиятын интернационализмдин негизинде өнүктүрүү” темасында республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ошондо залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов баарына башын сайып коюп, бүткүл коркунучту өз мойнуна алып, шовинисттерди ашкерелеген жалындуу сөзү менен кыргыз элинин тилин сактап калган. Ал өз сөзүндө: “Эмне үчүн кай бир союздук басма сөз органдары улуттук республикалардын калкы, т.а. кыргызстандыктар орус тилинде жетиштүү түрдө жакшы сүйлөй албайт (!) деп жазып, бул багытта тегин жерден өрт чыгарып жатышканы мен үчүн таптакыр түшүнүксүз болуп турат. Чындыгында иштин абалы андай эмес. Менимче, мындай көз караш жер-жерлерде улуттук тилдерди өнүктүрүү боюнча аракет жүрө баштаганда эле белгилүү күчтөр тарабынан контрпроблема катары ач кыйкырык салып чыга калып жатат. Дагы бир жолу кайталайм, антип бузукулук кылуунун эч кажети жок. Анткени Кыргызстанда орус тилинин жайылышына эң жакшы шарт түзүлгөн. Бул жерде кептин төркүнү таптакыр башкада – биз азбызбы, көппүзбү кеп анда эмес, кеп – биз жердеп турган жер “кыргыз” деген түптүү элдин чок борбору экенинде! Мына ушул жерде гана өнүгүүгө бизге мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал эми Кыргызстанда жашаган башка элдердин ар биринин өзүлөрүнүн улуттук өнүгүү борборлору бар. А эгер кыргыз маданияты ушу өз жеринде өнүгө албаса, башка эч жерде өнүгө албайт. Мына ушул жагдайыбызды биз эч качан унутпашыбыз керек” деп эскертти.
Андан эки жылдан кийин, 1989-жылы 23-сентябрда КР Жогорку Кеңешинде кыргыз тили мамлекеттик тил деп кабыл алынган. Ким билет, эгерде ошондогу күчүнө кирип турган советтик тоталитардык системага каршы туруп берген залкар инсан агабыз Чыңгыз Айтматовдун эрдиги болбогондо, биз эл катары эне тилибизди сактап калганга кудуретибиз жетет белене (?) деп да ойлоп кетем кай бир убактарда...
Айтайын дегеним, азыркы элдик, эркин жана эгемендүүлүктү туу туткан жаңы жашообузду чын дилимден кубаттоо менен бирге урматтуу замандаштарыма айтар элем, мен Садыр Жапаров инибизге ишенем. Ал кыргыз элинин эне тилин эч кимге уттурбайт. Анткени анын ата-бабаларынын арбактары, Айкөл Манас атабыздын, гуманист Чыңгыз агабыздын жана даанышман жети акелерибиздин да арбактары аны колдошот.
Терең урматым менен, Карыбай Турусбеков
"Азия Ньюс" гезити