Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индияда өлүмдөр мурдагыдан да күч алды

Индияда өлүмдөр мурдагыдан да күч алды

18-май, 12:13
669 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индияда коронавирус инфекциясынан улам сутка ичинде 4 миң 329 адам каза болду. Бул тууралуу Индиянын саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Ошол эле учурда акыркы сутка ичинде 263 миңден ашуун адамдан инфекция аныкталган. Бул өлкөдө сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун буга чейинки рекорду 5-майда катталган. Анда сутка ичинде 3 миң 780 адам каза болгон.

Пандемиянын экинчи толкуну Индияда ушул жылдын февраль айында башталган. 21-апрелден 17-майга чейин күн сайын жаңы бейтаптардын саны 300 миң адамдан ашкан. Мындай көрсөткүч башка өлкөлөрдө каттала элек.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер