Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бөлтүрүктүн тууганы алтын куймасы менен түшкөн сүрөтүн түшүндүрдү

Бөлтүрүктүн тууганы алтын куймасы менен түшкөн сүрөтүн түшүндүрдү

19-январь, 18:15
1 292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн бир тууган агасынын баласы Данияр Бөлтүрүков алтын куймалары менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал 19-январда маалымат жыйында сүрөт мындан тогуз жыл мурда тартылганын айтып, анын азыр тарап жатканын “каралоо” деп атады.

Ал тоо-кен тармагында билим алганын, алгач Макмалда, андан кийин 2010-жылы Кумтөргө жумушка кирип, беш жыл иштегенин билдирди. Сүрөттү ошол убакта кенге журналисттер экскурсияга келген маалда "алтын бөлмөсүндө" Павел аттуу кабарчы тартып алганын айтты. Бөлтүрүков аны Инстаграмга катталганда сакталып турсун деген ойдо жайгаштырып койгонун билдирди. Ошондой эле ал таякелеринин үйүндө чоңойгонун, атасынын иниси менен учурда жакын мамиледе эмес экенин кошумчалады.

Өткөн аптада социалдык тармактарда Данияр Бөлтүрүковдун тизилген алтын куймалары менен түшкөн сүрөтү жарыяланган жана буга байланыштуу талаш-талкуу чыккан. “Кумтөрдүн алтындары Тенгиз Бөлтүрүктүн үйүндө сакталат” деген мазмундагы сөздөр айтылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер