Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүтүндөй элдин убалына калган министр Бейшеналиевге кандай жаза колдонобуз?

Бүтүндөй элдин убалына калган министр Бейшеналиевге кандай жаза колдонобуз?

10-июль, 20:08
2 005 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурун Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарыптыр. Кыргызстан 160-орунда турганы шардана болду. Бул эмнени билдирет? Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарым жыл мурун вакцина алууга кол койбой, баш тартып койгону эсиңердеби? Качан гана вирус күч алганда тыбырап жатып калды. Элдин убалын кантебиз? Ооруган адамдар 20 миң сомго чейин (анализ акыларын кошкондо) дарыланып жатышат. Ал эми акчасы жоктор катуу кеселге кабылышып, майыпка айланып жатышканы жалганбы? Учурда ковид жапырт жайылып кетти. Министрлик алдын ала чараларды көрбөй, элди апааттан сактап калууга аракет жасаган жок. Былтыркы трагедиядан сабак алып, караңгыдан көз тапкандай жолду көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Тилекке каршы, баары теңирден тескери кетти. Жыйынтыгында, ооруган катмар күзгө дейре азап чегет. Жоготуулар дагы көбөйөт. Дал ушундай кейиштүү көрүнүшкө жеткизген Алымкадыр Бейшеналиевдин жоопкерчилиги каралабы? Бүтүндөй бир элдин убалынан коркпогон, уу коргошун менен мазактаган министрге кандай жаза колдонобуз? Дагы эл азап чегет, анан ошондо көргүлүктү көрөсүңөр го... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер