Акыркы кабарлар
» Коом » Үйдөгү энергияны ала турган 11 зат! Алар чыр-чатакты, ооруну пайда кылат
Үйдөгү энергияны ала турган 11 зат! Алар чыр-чатакты, ооруну пайда кылат
20-декабрь, 12:23
1 837 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Үйдүн ичин таза кармоо, анын мейкиндигин туура уюштура билүүнүн дагы көп сырлары бар экенин айтып жүрүшөт. Айрымдары бул нерселерге ишенсе, айрымдар ишенбейт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып, "Барометр" жазып чыкты.
Фен-шуй адистери үй ичинде төмөнкү буюм-тайымдардын же заттардын болуусу турак жайдын ички энергиясын кирдетип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда чыр-чатакты, келишпестикти, ооруну, атургай жакырчылыкты пайда кылат деп эсептешет экен.
Камыш – бул бактысыздык жана ооруну чакырат деп эсептешет. Чырмалышып өскөн өсүмдүктөр дагы оору чакырат. Карагай бутактары – бул жаңы жылдык нукура балатыны жазга чейин коюп алгандар үчүн маанилүү. Жаңы жылдык балатыны майрам бүткөндөн кийин алып салуу керек.
Пальманы үй шартында өстүрсө, чатак жана кайгы алып келет деп эсептелинет. Макулатура жана бөтөлкөлөр да турак жайдын энергиясын бузуп, жакырчылык алып келет. Эски кийим жана бут кийимдер да жакырчылыкка жол ачат экен. Сынган турмуш-тиричилик техникасын дагы колдонууга болбойт. Жаман окуяларды же начар адамды эстеткен буюмдарды да таштандыга таштаңыз. Желим идиштер адамдын энергетикасына туура эмес таасир берет деп эсептелинет. Эски косметиканы колдонуу дагы адамдын жолун жабат экен. Эски килемдер чаң гана топтобостон, терс энергияны дагы өзүнө аябай топтойт.