Калдарбек Абдраманов: “Партиялар паровоз болуп кетишкенби?”
БШКнын тегерегинеги ызы-чууга жооп кайтарып, аларда болуп жаткан кайдыгерликти кардиолог Калдарбек Абдраманов Фейсбук баракчасына жазып чыкты:
“Акыркы алты партиянын документ тапшырган убагы. 17:54, 17:55, 17:56, 17:57, 17:58, 17:59 экен. Булар баары паровоз болуп чогуу келип тапшырышкан окшойт. Ар биринин документин бир мүнөттөн карап, толук текшерип чыгып кабыл алууга үлгүрсө, анда бул БШКнын иши чатак экен. Шайлоонун жайынтыгын бурмалоо эмитен эле башталыптыр десек болот анда! Эми ким ишенет буларга!? Кыргыз элин мал деп ойлошобу булар!? БШК жооп бериши керек! Төрайымы отставкага кетсин! Бул боюнча документтерди кайра оңдоо (подделка) боюнча кылмыш иши козголушу керек. Азыртан ушундай махинацияга барышса, эртең шайлоо жыйынтыгын көз көрүнөө бурмалашат! Мындай жолдун аягы “таза шайлоо” эмес эле кыргыз элин, мамлекетин “жайлоо” менен бүтөт!” деген ал өз сөзүндө.