Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргыз темир жолун” муфтий Максат ажы Токтомушев көзөмөлдөйбү?

“Кыргыз темир жолун” муфтий Максат ажы Токтомушев көзөмөлдөйбү?

29-апрель, 04:07
2 378 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку кызматкердин артында шек-шыбыры болбошу керек. Коомчулукка, коллективге таза жүзү менен өзгөчөлөнүп турушу кажет. Жакында эле “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына директор болуп Василий Дашков барды. Бул кадрдын өткөн чагына өзүнчө токтолобуз. (Ооз ачырган өтмүшү бар беле?)

Башка жагдайдан алсак, суроолор жаралууда: Дашков аталган кызматка келгенде муфтий Максат ажы Токтомушев кандайча бата берип калды? Экөөнүн эмне болгон байланышы бар? Рысбек Акматбаевдин доорунан бери мамиле кылып калышканбы? “Кыргыз темир жолун” Максат ажы “жең ичинен” көзөмөлдөгөнү ыраспы? Бул тармакта башынан эле чоң акча каражаттары айланганын, далай чуулгандар чыкканын, көптөгөн жетекчилер коррупцияга шектелип келишкенин кайда жашырабыз? “Кызарган жердин” кыңыр иши болгон сыңары, молдокебиздин артынан эмнеге сөз ээрчий баштады? Кимдерге таянып алган?..

Айтмакчы, Максат ажы Токтомушев береги учкай суроолорго жооп берип койсо, маселени андан соң тереңдетип карайт элек. Эмесе, убакыт бар...

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер