Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызганычтан улам жубайын өлтүрүп, башын кесип салган жаран кармалды

Кызганычтан улам жубайын өлтүрүп, башын кесип салган жаран кармалды

23-июнь, 11:08
547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жайыл районунда аял кишини өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды, деп

билдирди бүгүн, 23-июнда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

21-июнда Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги дренаждан башы кесилген

аялдын жансыз денеси табылып, ал 1975-жылы туулган А.А.экенидиги аныкталган.

Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнүн

изине түшкөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышты 1976-жылы туулган

маркумдун жарандык никедеги жолдошу К.Н. жасаган. Шектүү Жалал-Абад облусунун

аймагында жашынып жүргөнү белгилүү болуп, дал ошол жерден кармалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган адам кызганычтан улам сүйүктүүсүн

бычактап, андан соң башын кесип салган. Шектүү денени дренажга ыргытып, башын

денеден 200 метр алыс жерге көмүп салган.

Кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алып, башын көмгөн жерин көрсөткөн.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер