Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек МАСАБИРОВ, ЖК депутаты: “Казакстандык номерлүү унаам менен Бишкекте көп жүрбөйм”

Таалайбек МАСАБИРОВ, ЖК депутаты: “Казакстандык номерлүү унаам менен Бишкекте көп жүрбөйм”

13-декабрь, 23:40
566 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда канча айдоочу ишеним кат менен унаа айдап жүргөнүн эч ким билбейт. Жадагалса өкмөт да. Парламентте «Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) тууралуу» мыйзамдагы түзөтүүлөр жөнүндө талкуу болду. Талкууда депутат Масабиров борбордук база түзүп, ал аркылуу унаалардын номери жасалма-жасалма эмес, техникалык кароодон өткөн же өтпөгөнүн, камсыздандыруу полиси бар же жок экенин, ж.б. көрүп тургандай бирдиктүү система киргизүүнү өкмөткө сунуштады. Буга чейин камсыздандыруу полиси жок болгон учурда айдоочуга айып пул салууну жана мыйзамдын өзүн киргизүүнү 2021-жылга калтырып коюшкан. Айрым эл өкүлдөрү жарандар кошумча чыгымдарга даяр эместигин, а министрлер кабинети бул багытта эч кандай маалыматтык саясат жүргүзбөй жатканын белгилешти.

-- Таалайбек мырза, өкмөткө сунуштап жаткан бирдиктүү система эмне үчүн керек жана анын маанилүүлүгү канчалык?

-- Акыркы учурларда үрөй учурган авариялар көп болуп жатат. Ошол унаалардын дээрлик 10-15 пайызы техникалык кароодон өтпөгөнү белгилүү болууда. Техникалык кароодон өтпөгөн унаалардын дагы бир кесепети пайда болду. Бул айрыкча кышкысын байкалат. Унаалардан бөлүнүп чыккан түтүн абаны булгап жатат. Кээ бир унааларда катализатор жок. Шаарды каптаган ыштын, абанын булганышынын бирден-бир себеби техникалык кароодон өтпөгөн унаалар болуп жатканы анык. 

-- Техникалык кароодо унаалар бөлүп чыгарчу түтүн да текшерилеби?

-- Унаа техникалык жактан толук текшерилет. Тормоздон тартып, жүргөндө бөлүп чыгарчу түтүнгө, жадагалса анын адамга, айлана-чөйрөгө тийгизчү зыяны да текшерилет. 

-- Бирок, көбүнчөсү андай кагазды сатып алышат экен...

-- Мурда МАИ кызматкерлеринде жыгач сыяктуу мөөр бар эле, “техникалык кароодон өттү” кылып, басып бере салышчу. Азыр “Коопсуз шаар” аркылуу бир системага бекитилип жатат. Буга кошумча иретинде мен өкмөткө борбордук база түзүүнү сунуштап жатам. Ал база аркылуу унаалардын номери жасалма, жасалма эмес, техникалык кароодон өткөн, же сатып алган, камсыздандыруу полиси бар, же жок – ошонун баары көрүнүп турат эле. 

-- Жасалма номер демекчи, “жасалма номерлерди депутаттар, министрлер жана укук коргоо кызматкерлери сыяктуу жогорку даражалуу адамдар унааларына тагып алып жүрүшөт” деп айтылды. Алар эмне максатта жасалма номер тагышат? 

-- Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, аларды кармоодо, алардын артынан аңдуу үчүн оперативдик номерлери болот, ошол себептен тагып жүрүшөт. Ал жасалма эмес, атайын сыр номерлер. Ал эми жогорку кызматтагы башка адамдар – кимдер тагып алып жүрүшөт, билбейм.  

-- Сиз да унааңызга Казакстандын номерин тагып жүрөт экенсиз...

-- Мен дайыма айдоочу менен жүрөм. Айдоочума “жол эрежесин бузбай айда” деп көп эскертем. Менде жасалма номер жок. Ал эми казакстандык номерим, ал унаамды Казакстандан сатып алгам, номери менен чогуу. Казакстанга барсам, ошол унаамды айдатып кетем. Бишкекте ал унаам менен көп жүрбөйм.


Динар ТУРДУГУЛОВА

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер