Акыркы кабарлар
» Коом » Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан Россиянын жарандары табылды
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан Россиянын жарандары табылды
17-октябрь, 11:36


- Көлдө дайынсыз болуп жаткан Россиянын жарандары аман-эсен табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 15-октябрда Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыккан Россиянын 2 жараны байланыш жок, дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМдин 3 куткаруучусу жогоруда аталган адамдар менен байланышка чыгып, алар куткаруучулар менен биргеликте тоодон аман-эсен түшүп келишти.










