Нурлан Токобаев: “Ат-Башыга курула турган логистикалык борбор зыян”
Экономика илимдеринин кандидаты менен маек.
-- Нурлан мырза, Ат-Башы районунун аймагына бажы-логистикалык комплексин куруу демилгеси кайра жанданды. Ал жерге логистикалык борбор куруунун зарылчылыгы барбы?
-- Чындыгында, Кыргызстанга логистикалык борбор куруу – бүгүнкү күндүн талабы. Бирок, кандай логистикалык борбор куруу керек (?) деген маселе да бар. Айтайын дегеним, Кыргызстанга башка өлкөнүн каражатына эмес, өзүбүздүн каражатка курула турган логистикалык борбор керек. Же “One Lead One Trading Limited” кытай компаниясынын жетекчиси Лю Инь 30 миллион долларга куруп берем деген логистикалык борборду Кыргызстандын бизнесмендери деле кура алат. Тагыраагы, бул долбоорду ишке ашырууга бизнесмендер эле эмес, бир эле чиновниктин кудурети жетет да. Ошон үчүн кытайларга жөнү жок карыз боло бербей эле өзүбүз деле куруунун жолун тапсак болот.
-- Кытайлар менен бирдикте куруу кооптуу деп ойлойсузбу?
-- Өлкөбүздөгү кырдаалды эске алганда, Кыргыз мамлекети мындай ири долбоорлорду Кытай менен ишке ашырууга жана Кыргызстандын пайдасына иштетүүгө даяр эмес! Анын бир канча себептери бар: биринчиси, мамлекетибизде долбоорду ишке ашырууда толук жоопкерчиликти бир адам мойнуна алыш керек. Азыр андай жоопкерчиликти эч ким албайт, алгысы да келбейт. Экинчиси, кытай тилин билген инженер, куруучу, баалоочу жана башка адистер жетишпейт. Алтургай аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин мамлекеттик кызматкерлери иштеп чыга албагандыктан, жеке секторлорго кайрылып, кымбат баага түздүрүшөт. Ал долбоор узак мөөнөттү камтыгандыктан, мамлекеттик кызматтагы адистери өзүлөрү иштеп чыгуусу зарыл. Себеби, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин кымбат баага түзүп берген адистер дароо акчасын алат да, ошол бойдон жок болушат. Үчүнчүсү, Ат-Башыга курула турган логистикалык борбордун пайдасынан зыяны көп. Себеби, “логистикалык борбор курабыз” деп, атамекендик өндүрүшчүлөрүбүздү, рыногубузду жоготуп алышыбыз да мүмкүн. Себеби, Кыргызстанда майда өндүрүш көйгөйү, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү.
Эң өкүнүчтүүсү, экономика министрлигинин алдындагы мамлекеттик жана өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев демилгелеп жаткан логистикалык борборду куруунун негизги максаты “чет өлкөдөн келген импорт товарларды ылдам жана тез арада бажы процедуралардан өткөрүү инфраструктурасын жолго салуу” деди. Демек, анын айтканына таянсак, мамлекет Кыргызстандын рыногун кытай товарлары басып кетүүсүнө өбөлгө түзүп жаткандай иш башталганын каңкуулайт.
-- Баса, айрым экономисттер “Дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болуп, атамекендик өндүрүштү талкалап алдык” деп калышат. Чын эле дүйнөлүк соода уюмуна кирип, анын пайдасынан зыянын көбүрөөк тартып калдыкпы?
-- КМШда биринчилерден болуп Кыргызстан 1998-жылдары Дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болгон. Ал уюмга мүчө болгондон кийин көптөгөн атамекендик өндүрүүчүлөрүбүз кытайдын товарларына туруштук бере албай, банкротко учурап, экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирди. Мамлекетибиз импортко көмүлүп, жумушсуздуктун айынан канчалаган жараныбыз түрдүү иштер менен алек болду. Көпчүлүгүн "Дордой" базары сактап калды.
-- Баса, айрымдар “логистикалык борбор курсак, кен байлыктарыбызды контрабандалык жол менен кытайларга тарттырып жиберебиз” деп кооптонуп жатышат го. Буга не дейсиз?
-- Негизи мамлекетте болуп жаткан контрабандалык системаларды да эске алсак ашыкча болбойт. Жогору жакка ишеним жоголгондон бери эл да чочулап, түрдүү божомолдорду айтып, логистикалык борбордон дагы кооптонуп жатышат. Логистикалык борбор аркылуу Кыргызстандагы болгон кен байлыктарыбызды контрабандалык жол менен тарттырып жибербейли деп кооптонушууда. Себеби, Кыргызстанда 2000ден ашык кен казуу боюнча лицензиянын көпчүлүгү кытай компанияларына таандык дешет.
Ошондуктан, мамлекетке инвестиция тартуу керек десе, инвестор аттуунун баарын киргизе бербей, алгач инвестордун пайда-зыянын талдап, алдыңкы технологияларга ээ болгонун жана тажрыйбасын эл менен бөлүшө ала турганын гана Кыргызстанга киргизишибиз керек деген пикирдемин.
"Азия Ньюс" гезити