Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрлан Наматов: “Гив ойнотуунун пайдасынан зыяны көп”

Эрлан Наматов: “Гив ойнотуунун пайдасынан зыяны көп”

02-октябрь, 16:31
1 083 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Google”, “Facebook”, “Instagram”, “Telegram” сыяктуу социалдык түйүндөр азыркы жашоонун ажырагыс бир бөлүгүнө айланып, алтургай айрымдар үчүн  каражат табуу булагы болууда. Ишкерлер да өндүрүмүн сатууда ушул платформаларга көбүрөөк басым жасап жаткан учур. Мындан улам, интернет-маркетолог Эрлан Наматов менен Инстаграмдагы катталуучулардын санын көбөйтүү, таргет аркылуу жарнама берүү сыяктуу темада сүйлөштүк. 

-- Инстаграмда катталгандардын санын кантип көбөйтсө болот?

-- Баракчага катталгандардын санынын артынан кууган туура эмес. Сизде жыйырма беш миң калп (бот) катталуучуга караганда, миң жандуу досуңуздун болгону артык. Бул кеңешти мага кайрылган баардык кардарларыма айтып келем. Инстаграмдагы катталуучуларды көбөйтүү экиге бөлүнөт: бекер жана акы төлөө жолу. Акы төлөөгө таргетке жана блогерлерге реклама берүү, акциялар, сынактар,  гивдер кирет. Бекерге, блогерлер же катталуучусу көп аккаунттар менен бартердик негизде иштөө, өзүнүн аудиториясына ылайыктуу постторду чыгарып, лайк, комментарий чогулткан сапаттуу контент түзүү кирет. Учурда буга чейин пайдаланылчу массфоловинг жана масслайкинг ыкмаларын колдонуу актуалдуу болбой калган. Бул программалардын жардамы менен бир эле учурда сиздин аккаунттун атынан башкалардын баракчасына автоматтык түрдө лайк басып, катталууга мүмкүн болчу. Азыр Инстаграм мындайды дароо аныктап, баракчаңызды блоктоп коё алат. Андыктан сапаттуу контент гана ийгиликтин башаты болот. Ансыз алдыга жылуу болбойт, аудиторияны кызыктыруучу постторду жазыңыз, тагыраагы, катталуучуларды өзүңүзгө жакын ыкма менен чогултуңуз. 

-- Инстаграмдан арбын каражат табууга мүмкүнбү? Ал үчүн эң аз дегенде канча катталуучу болушу шарт?

-- Инстаграмда сиз кызматтарыңызды же товарларыңызды жарнамалоо аркылуу акча таба аласыз. Мисалы, сиз дизайнерсиз жана өз ишиңизди көрсөткөн профилиңизди сактап, ошол эле нерсени жасоону сунуштайсыз. Сиз блогер же жакшы пикир жазган адам катары да акча таба аласыз, бул учурда сизде кеминде 3000 жазылуучу жана жакшы аудитория болушу керек. Мен Инстаграмда 200-300 катталуучусу менен өзүнүн кызматын же товарын жөн гана жеткиликтүү түшүндүрүү аркылуу акча жасаган адамдарды билем. Ошондой эле, Инстаграмда марафон аркылуу акча табуу популярдуу болуп жатат. Инстаграмда жетиштүү аудиториясы бар кайсы бир тармакта ишбилги адам марафон жарыялайт жана катышуу үчүн бир аз сумма төлөй алгандарды чогултат. Ошентип, мисалы, бир айда алар дос чогултканга жетишишет.  

-- Гив ойнотуунун баракчага канчалык пайдасы бар? 

-- Албетте, алардын кандайдыр бир пайдасы бар, бирок зыяны көбүрөөк. Эгер сиз гивге кошулсаңыз, күтүлүп жаткан киреше сиздин абоненттердин санынан аз болгону дурус. Эгер аккаунтуңуз жаңы жана катталгандар аз болсо, анда гивдин зыяны тийет. Адамдар ага өзүнүн пайдасы үчүн гана катышышат, тактап айтканда, белектер таркатылгандан кийин сиздин баракчаны эстеп да коюшпайт, же чыгып кетишет. Ошондой эле айрымдар гивдерге катышуу үчүн атайын кошумча баракча ачып коюшат да, өздөрү негизги аккаунттарында отура беришет. Андыктан, бизнес ээлерин акчаларын гивге эмес, таргетке же блогерлерге жарнамага берүүгө чакырат элем. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер