Камчыбек Узакбаев: “Дем алуу аркылуу абадан жугуучу ар кандай инфекциялар арбыды”
Медицина илимдеринин доктору менен маек.
-- “Омикрон” өтө тез жайылууда. Балдар арасында кандай? Аларда биринчи кандай симптомдор байкалат?
-- “Омикрон” бүгүнкү күндө балдар арасында да өтө көп тарап жатат. Аларда деле чоң кишилердикиндей симптомдор байкалууда: дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, тамак оору, аппетиттин жоголушу ж.б. Симптомдорунун баары грипптикине окшош эле.
Андан тышкары, бүгүнкү күндө дүйнөдө дем алуу органдары аркылуу, башкача айтканда, мурун аркылуу абадан жугуучу ар кандай инфекциялар арбыды. Ар бир вирус организмге киргенде инкубациялык мезгилге ээ. Бул вирус, бактерия жагымдуу чөйрө таап, өзүнүн патогендик токсиндерин бөлүп чыгаруучу активдүү түрдө көбөйө турган учур. Оорунун өнүгүшүнө жол бербөө үчүн инфекция кире турган жерлерди бат-баттан тазалоо керек. 18 жаштан жогорку бейтаптар күнүнө 2-3 маал 60-70% спирт эритмеси менен дем алуу да жакшы жардам берет. Бул үчүн бир нече катмар марляны спирт эритмеси менен чылап, 5 мүнөт дем алуу керек. Кээ бир учурларда мия тамырынан сироп же экстрактын колдонуу жардам берет. Жакшысы, дарыгердин сунушу боюнча жасаган оң. Бул процедура жөтөлгөндөр үчүн айыгууга абдан жардам берет. 2 метр аралыкты сактап, бөлмөнү тез-тезден желдетип, бир нече дем алуу көнүгүүлөрүн жасоонун жана сергек жашоонун дабасы чоң.