Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жалкыбаган Жаныбек Абиров кайрадан мандат үчүн күрөшөт

Жалкыбаган Жаныбек Абиров кайрадан мандат үчүн күрөшөт

26-октябрь, 18:42
867 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаардык кеңешине “Жаңы күч” партиясынан Жаныбек Абиров да аттанды. Бул эргул алсыз баланы тепкилеп, кордогонун бүт Кыргызстан көргөн. Ошол окуядан кийин Жогорку Кеңештеги мандатын таштап кетүүгө аргасыз болгон эле. Бирок саясаттын, акчанын кумары тынч жаткызбайт тура. Жаныбек Абиров атасынын байлыгы менен алчыланып, ар бир шайлоого катышууну өнөр көрүп келет. Пиар кылып, “жылдызга” айланууну көксөйт окшойт. Бирок ишинин натыйжасы, артында калган жаркыраган иши кана? Жеке жыргалчылыгы үчүн баш айлантып, бакылдап, каратаман элди алдай береби? Майда-чүйдө кылган-эткенин эске албаганда, эмне эмгеги сиңип кетиптир? Тоо томкордубу? Айтор, соболдор арбын. Кызык, баягы эле жылтыраган көзү, кооз сөздөрү менен куюлуштуруп, урдуруп бараткан кербези. Мүдүрүлө турган да күнү алыс эмеспи? Таңгаласың. “Жаңы күчтү” баштап бараткан бакиевчил Камбаралы Конгантиевдин баласы Куванычбек Конгантиев болуп атса, кайсы жакшылыкты күтөсүңөр?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер