Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кыздарыбыз чырайлуу, бирок бактары ачылбады...
Кыздарыбыз чырайлуу, бирок бактары ачылбады...
20-апрель, 12:27


Биздин үй-бүлө, тууган-уруктарыбызда кыздар кеч турмушка чыгышат, балдар да кеч үйлөнүп, айтор, багы ачылышы кыйын. Бир эжебизге бир аял “сени көрсөм кыйналып атам, сага айтышым керек. Силердин ата-бабаларыңарга касташып, көралбагандар багыңарды байлатып салган. Ачтырышыңар керек” деп айткан экен. Чынында эле кыздарыбыз чырайлуу, колунан бардык иш келген кыздар, бирок негедир бактары ачылбайт. Кандай кылса болот? Кайрымдуулук иштерди көп эле жасайбыз. Кантип багыбызды ачтырабыз?
Айна











