Алманбет Анапияевдин өлүмүнө Мелис Турганбаевдин кандай тийешеси бар?

Бир катар олуттуу суроолор жаралууда. Уланталы. Саясый жана орган кызматкерлеринин арасында бүйүр кызытмай козуп, бирок коомчулукка ачыкталбай турганы кызык бекен? Ар кандай божомолдор, күмөн саноолор бышып келаткандай. Аягында сары изге түшүүнүн негизинде сырлар ачылабы?
Атайын кызмат тарабынан Алманбет Анапияевдин өлүмү кайрадан иликтенип, жаңы жагдайлардын негизинде көп сырлар ачыкталабы? Бул боюнча тар чөйрөдө кызуу кептер айтылууда. Азырынча орган кызматкерлери материалдарды чогултуу менен алектенип, Алманбет Анапияевдин ашпозчусу Гүлжигит Абилазизовду кармоо аракеттери жүрүп жатканы, эгерде ал колго түшсө көшөгө артындагы окуялар тизмектелеби? Билермандардын баамында, маалыматтар жетиштүү деңгээлде топтолсо, сенсация жаралары күтүлүүдө. Бул боюнча кылмыш дүйнөсүндөгү айрым адамдар көрсөтмө бергени ыраспы? Айланып келип мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, Мирлан Каниметов баштаган ГУБОПтун бир топ кызматкерлери суралабы? Алар Алманбет Анапияевдин өлүмүн бурмалашып, өз кызыкчылыктарына жараша пайдаланышканбы? Негизи ким буюртма берген? Кандай саясаттын негизинде? Же ашпозчусу экөө араздашып, жеке кекенүүнүн негизиндеги гана өч алуу беле? Айтор, Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча ар кандай соболдор коюлуп, түрдүү версиялар айтылып келди. Аныгында, чындык ачыкталышы керек да, туурабы? “Кан коё бербейт” деген лакап кыргыз элинде бекер жерден айтылып калбагандыр...
Сакен Бөрүбаев
"Азия Ньюс" гезити