Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Россия согушта алсыз болсо, Батыш талкалап тынмак!”

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Россия согушта алсыз болсо, Батыш талкалап тынмак!”

28-август, 09:53
322 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өткөн жумалардагы украиндердин орустарга карай атакасынан кеп салсаңыз??

-Украиндердин күчөтүлгөн соккусу Россиянын үч облусуна даярдалган. Бирок контратакага барабыз дегенине эки жылча болуп калды. Булардын эң негизги максаты Россияга кол салууда Батыш өлкөлөрүнөн келген курал-жарактарды пайдаланууда саясат жасап жатышат. Украиндер авиация, бронетехника, аба, деңиз дрондорун жана артсистемалар менен чабуулга берилген акча каражаттарга жалданма аскер курамдарын түзүшкөн. 

Курск облусундагы чабуулда өлүм-житимге учурагандар, колго түшкөндөрдүн арасында көпчүлүгү француздар, поляктар, британдыктар, америкалыктар жана башкалар болгон. Орустардын соккусунан кийин миңдеген украин аскерлери колго түшүп беришкен. Бул чабуулду Батыш, НАТО штабында алардын генералдары, офицерлери даярдаган. Анткени, мындай профессианалдуу даярдыксыз Курска чабуул кылууга ВСУнун кудурети жетмек эмес. Алардын максаты Курскидеги АЭСти басып алуу. Россиянын согуштук каражаттары жетишсиз болсо, Батыш жалпы чабуулга жол ачып, Россия Федерациясын жоготуп, максаттарына жетишмек.

-Согушту токтотуп, ымалага келсе болбойбу, же согушту токтотуунун жолу жокпу?

-Согуш токтобойт, эки тараптын бири жеңишке ээ болгондо гана согуш токтойт. Бирок аны токтотуунун жолу бар. Украина бийлигинин мөөнөтү, тагыраагы, президент менен парламенттин убактысы августта бүтөт. Бийлигинин мөөнөтү бүткөн мамлекет ВСУну башкаруучу мамлекеттик түзүм болбой калат. 

Бирок Россия Федерациясы алдын ала куралдуу күчтөрүн дагы бир жарым миллионго көбөйтүп жатат. Өзгөчө атайын аба ракета-артиллериялык жаңы куралдарды алып күчтөнүүдө. Себеби, Россия мындай өзгөрүүгө басым жасаганы геосаясаттагы маселени дагы күч менен чечүүгө жол ачылгандай болуп калды.

-Россия Украинадан кооптонуп, сүрүп чыгара албай жатабы же украиндер аскердик техника менен күчтөнүп алдыбы?

-Украиндердин чет элдик аскерлер менен топтолгон ВСУлары кыйроого учурады, калдыгы чегинип, өз аймагына кетишти.

-- Дүйнө жүзүндөгү согуштар Трамп президент болгондо гана токтойбу? 

-Трамп шайлангандан кийин, мүмкүн, келишим жолуна ири мамлекеттер келишет. Бирок АКШ Аскердик Доктринасында ачык жазылган РФ, КЭР биринчи душмандарыбыз дешет. Ошон үчүн Кыргыз мамлекетинде тышкы жана ички саясатты өтө кылдаттык менен жүргүзүү керек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер