Канатбек Мурзахалилов: “20 уюм экстремисттик, террористтик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган”
-- Канат мырза, эгемендиктин алгачкы жылдарында көп диний уюмдар каттоодон өтүп алышкан. Алардын арасында башка өлкөлөрдө тыюу салынган уюмдар да бар. Кандай деп ойлойсуз, азыр аларды кайра карап, “ревизиялоо” керекпи?
-- Ооба, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 3000ге жакын диний объекттер, отуздай ар кандай диний багыттагы уюмдар дин иштери боюнча комиссиядан эсептик каттоодон өттү. Мындан сырткары, 2003-жылдан 2017-жылга чейин түрдүү сот инстанцияларында 20 уюм экстремисттик, террористтик деп табылып, ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында тыюу салынды. Жогоруда айтылган диний уюмдар менен алардын ырасымдары аткарыла турган табынуу жайлары 1996-жылдагы президенттин жарлыгы менен бекитилген үч "Убактылуу жоболордун", андан кийин 2008-жылдагы дин мыйзамынын негизинде эсептик каттоого алынган. Бизде диний уюмдар эсептик каттоодон тышкары, эгерде алар юридикалык статуска ээ болууну каалашса, анда юстиция министрлигинен да каттоодон өтөт. Башкача айтканда, Кыргызстанда диний уюмдарга тийиштүү эки баскычтуу каттоо бар. Бардык катталган дин уюмдары жогорудагы мыйзамдык актылардын нормаларына ылайык катталышты. Мындан сырткары, 400гө жакын каттоосу жок намазканалар дагы өлкөдө иштеп жатышат.
Эми сурооңуздун төркүнүнө келсек, мыйзам артка иштебейт, диний уюмдардын иштерин же уставын ревизиялап, алардын иштерин жөндөн-жөн текшерүүгө негиз жок. Бирок, кандайдыр бир диний уюм өлкө бүтүндүгү менен коопсуздугуна, жарандардын аң-сезимине терс таасирин тийгизсе, тийешелүү органдар сот органдары аркылуу ишмердүүлүгү токтотулат. Учурда соттун чечимдери менен "Сеантологиялык чиркөө" менен Кыргызстандагы "Ахмадия мусулман жамаатынын" ишмердүүлүгү токтотулган.
-- Андай уюмдар мындан ары да катталып калбасына кепилдик барбы?
-- Учурда иштеп жаткан мыйзам нормасында каттоого байланышкан маселе катаалдашкан. Диний уюмду каттоодо 2009-жылга чейин 10 адам жетиштүү болсо, азыр бул чек 200 адамды түзөт. Сиз айткан түрдүү деструктивдүү багыттагы жаңы уюмдардын катталып калуу мүмкүнчүлүгүн четке кагууга дагы болбойт. Эгерде алар расмий иштеп жаткан же таанылган уюмдардын өкүлчүлүгү, же болбосо анын структуралык бөлүмү катары өзүн көрсөтсө.
"Азия Ньюс" гезити